11-статья. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын экстремисттик материалдарды тараткандыгы жана экстремисттик аракеттерди жасагандыгы үчүн жоопкерчилиги
Күчүн жоготкон · 24.02.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 24 февраля 2023 года № 40.
Кыргыз Республикасында жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу экстремисттик материалдарды таратууга жана алардын экстремисттик аракеттерди жүзөгө ашыруусуна тыюу салынат. Эгерде жалпыга маалымдоо каражаттары ушул Мыйзамдын 8-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө каралган учурда же адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин бузулушуна алып келген, жарандардын инсандыгына жана денсоолугуна, айлана-чөйрөгө, коомдук тартипке, коомдук коопсуздукка, менчикке, жеке жана (же) юридикалык жактардын мыйзамдуу экономикалык таламдарына, коомго жана мамлекетке зыян келтирген же андай зыян келтирүүгө чыныгы коркунуч түзгөн экстремисттик аракеттерди жасаган учурда аны каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же басма сөз, телерадио берүүлөрү жана массалык коммуникация каражаттары чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик органдарынын, же Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун же ага баш ийген тийиштүү прокурордун билдирүүсүнүн негизинде тийиштүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын иши соттун чечими боюнча токтотулушу мүмкүн. Экстремисттик материалдарды таратууну улантууга жол бербөө максатында сот мезгилдүү басылманын тийиштүү номурларын, же доону камсыз кылуу боюнча чараларды кабыл алуу үчүн каралган тартипте аудио- же көрмө жазуу программаларынын жазылган нускаларын сатып өткөрүүнү, теле-радио же көрмө программаларды чыгарууну токтотот. Соттун чечими экстремисттик багыттагы материалдар басылган жалпыга маалымдоо каражаттарынын таркатылбаган нускаларынын сатылбай калган бир бөлүгүн сакталып турган жеринен дүң жана чекене соодадан алып коюуга негиз болуп саналат.
Берененин тексти 24.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1748/st-11" title="11-статья - Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>