13-статья. Экстремисттик материалдарды таратуу менен күрөшүү
Күчүн жоготкон · 24.02.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 24 февраля 2023 года № 40.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 1 июля 2016 года № 97
Кыргыз Республикасынын аймагында ушул Мыйзамдын 1-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган белгилердин бирин эле камтыган басма, аудио-аудиовизуалдык жана башка материалдарды басып чыгарууга, сактоого, ташууга жана таратууга тыюу салынат. Мындай материалдарга төмөндөгүлөр кирет:
а) тыюу салынган экстремисттик уюмдардын расмий материалдары;
б) тынчтыкка жана адам баласына каршы кылмыштары үчүн эларалык укук актыларынын негизинде соттолгон адамдардын автордук материалдары жана ушул Мыйзамдын 1-статьясынын биринчи бөлүгүндө камтылган белгилер;
в) ушул Мыйзамдын 1-статьясынын биринчи бөлүгүндө камтылган белгилер, анын ичинде анонимдүү, жана башка материалдар.
Маалыматтык материалдарды экстремисттик деп таануу жөнүндө талабын билдирген прокурордун арызынын негизинде алар табылган, жайылтылган же мындай материалдарды өндүрүүнү жүзөгө ашырган уюмдун жайгашкан жери боюнча сот тарабынан иштердин айрым категориялары боюнча өндүрүштүн өзгөчөлүктөрү менен таанылат. Доону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү үчүн каралган тартипте сот тарабынан маалыматтык материалдарга жеткиликтүүлүктү убактылуу чектөөгө жол берилет. Маалымат материалдарында ушул Мыйзамдын 1-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган белгилердин бар экендигинин аныкталышы тууралу соттун чечими анын нускасынын сатып өткөрүлбөгөн бөлүгүн алып салууга негиз болуп саналат. Экстремисттик материалдарды чыгарууну экинчи жолу ишке ашырган уюм басып чыгаруу ишин жүргүзүү укугунан ажыратылат. Маалымат материалдарын экстремисттик деп таануу жөнүндөгү соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин көчүрмөсү юстиция чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик органына жөнөтүлөт. Экстремисттик материалдардын тизмеси жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле экстремисттик аракетке каршылык көрсөтүүнү жүзөгө ашыруучу юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын расмий интернет-сайттарында жарыяланып турууга тийиш. Материалдарды экстремисттик материалдардын тизмесине киргизүү жөнүндө чечимге белгиленген тартипте сотко даттанууга болот. Экстремисттик материалдардын тизмесине киргизилген материалдар Кыргыз Республикасынын аймагында таратылбайт. Аталган материалдарды андан ары таратуу максатында мыйзамсыз жасоого, таратууга, ташууга жана сактоого күнөөлүү адамдар административдик же болбосо кылмыш-жазык жоопкерчилигине тартылышат. (КР 2013-жылдын 8-майындагы № 66, 2016-жылдын 1-июлундагы № 97 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 1 июля 2016 года № 97 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О противодействии экстремистской деятельности")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 мая 2013 года № 66 "О внесении изменения и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии экстремистской деятельности""Редакцияларды салыштыруу
01.07.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…экстремисттик деп таануу жөнүндө талабын билдирген прокурордун алынып салынды: сунуштамасынын кошулду: арызынын негизинде алар табылган, жайылтылган же мындай материалдарды өндүрүүнү жүзөгө ашырган уюмдун жайгашкан жери боюнча сот тарабынан кошулду: иштердин айрым категориялары боюнча өндүрүштүн өзгөчөлүктөрү менен таанылат. кошулду: Доону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү үчүн каралган тартипте сот тарабынан маалыматтык материалдарга жеткиликтүүлүктү убактылуу чектөөгө жол берилет.
Маалымат материалдарында ушул Мыйзамдын 1-статьясынын биринчи … жоопкерчилигине тартылышат.
(КР 2013-жылдын 8-майындагы № алынып салынды: 66 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 66, 2016-жылдын 1-июлундагы № 97 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1748/st-13" title="13-статья - Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>