Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, „Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон Кыргызской Республики от 24 февраля 2023 года № 40 "О противодействии экстремистской деятельности"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-02-24.
КР 2023-жылдын 24-февралындагы N 40 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 1-июлу № 97 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 3, 158-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 211-статьянын 2-бөлүгү "иштер боюнча" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле мындай ишти жүзөгө ашырууга чакырган же болбосо аны жүзөгө ашыруунун зарылдыгын негиздеген же актаган маалыматтык материалдарды экстремисттик же террористтик деп таануу жөнүндө арыздар боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
2) III бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 252-глава менен толукталсын:
"252-глава. Маалымат материалдарын экстремисттик же террористтик ишти жүзөгө ашырууга чакырган же болбосо аны жүзөгө ашыруунун зарылдыгын негиздеген же актаган деп таануу жөнүндө арыздар боюнча өндүрүш
2584-статья. Арыз берүү
1. Прокурор өз компетенциясынын чегинде ушул Кодекстин 4-главасында белгиленген соттук караштуулук жөнүндө эрежелерди сактоо менен мындай материалдарды өндүрүүнү жүзөгө ашырган уюмдун алар табылган, жайылтылган же болгон жери боюнча мындай ишти жүзөгө ашырууга чакырган же болбосо аны жүзөгө ашыруунун зарылдыгын негиздеген же актаган маалыматтык материалдарды экстремисттик же террористтик деп таануу жөнүндө сотко арыз менен кайрылууга укуктуу.
2. Прокурордун арызы боюнча сот ушул Кодекстин 14-главасында каралган тартипте чечим чыгарылганга чейин маалыматтык материалдарга жеткиликтүүлүктү убактылуу чектөөгө укуктуу.
2585-статья. Арызды кароо
1. Арыз келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө сот тарабынан каралууга тийиш. Эгерде арызда камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурларда, алар боюнча чечим беш күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен кабыл алынат.
2. Арыз талап билдирген прокурордун жана эгерде турган жери белгилүү болсо, арызда көрсөтүлгөн адамдардын катышуусу менен сот тарабынан каралат. Сот отурумунун убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабардар болгон арызда көрсөтүлгөн адамдардын сотко келбей коюшу ишти кароо жана чечүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
3. Эгерде арызда көрсөтүлгөн адамдардын турган жери белгисиз болгон учурда, сот арызды алар жок эле карайт.
2586-статья. Соттун арыз боюнча чечими жана аны аткаруу
1. Мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими жарыялоо үчүн юстиция чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик органына жиберилет.
2. Соттун чечими ушул Кодекстин 41-главасында каралган соттук көзөмөлгө алуу тартибинде даттанылышы мүмкүн.".
2-берене. "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 11, 901-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 13-статьянын 2-бөлүгүндө: бөлүк "сот тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "иштердин айрым категориялары боюнча өндүрүштүн өзгөчөлүктөрү менен" деген сөздөр менен толукталсын; "сунуштамасынын" деген сөз "арызынын" деген сөзгө алмаштырылсын; бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Доону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү үчүн каралган тартипте сот тарабынан маалыматтык материалдарга жеткиликтүүлүктү убактылуу чектөөгө жол берилет.".
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 24.02.2023 · № 40
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 25-февралындагы № 4423-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 25-февралындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 25.02.2021 · № 4423-VI
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү…Закон · 20.01.2017 · № 6
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 25-майындагы № 570-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, "Экстремисттик…Постановление · 25.05.2016 · № 570-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 25-февралындагы № 4433-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик…Постановление · 25.02.2021 · № 4433-VI
- Жарандык процесстик кодексиКодекс · 29.12.1999 · № 146 · Күчүн жоготкон
- Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндөЗакон · 17.08.2005 · № 150 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 24.02.2023 · № 40
- Жарандык процесстик кодексиКодекс · 29.12.1999 · № 146 · Күчүн жоготкон