Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-статья
Күчүндө · 06.08.2005 редакциясы
"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ("Эркин-Тоо" газетасына тиркеме, № 1, август, 1992-ж.)
төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүтүндөй тексти боюнча "Кыргызстан Республикасы" жана
"Кыргызстан Республикасынын улуттук коопсуздук боюнча мамкомитети" де-
ген ар кандай жөндөмөдөгү сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республи-
касы" жана "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары" деген
сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 12-статьяда:
жетинчи бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эл аралык келишимдик милдеттенмелерге ылайык Кыргыз Республикасы-
нын аймагынан сырткары, ошондой эле Кыргыз Республикасыыын Өкмөтү бе-
киткен тизмеге ылайык климаттык шарттары оор жерлерге аскердик кызмат
өтөөгө жиберилген, 20 календардык жыл жана андан ашык иштеген офицердик
курамдын адамдары, прапорщиктер, мичмандар, мөөнөтүнөн ашыкча кызмат
өтөгөн аскер кызматчылары жана аскер кызматындагы аялдар үчүн алар ээ-
леген турак жай аянты (кызматтык турак жай аянтынан жана жабык же обо-
чолонгон аскер шаарчаларында турган жайдан тышкары) алар чегарадан тыш-
кары жана көрсөтүлгөн жерлерде болгон бардык мезгилге брондолот".;
онунчу жана он биринчи бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Турак жай-курулуш (турак) кооперативдерине кирген же жекече турак
үй (квартира) курган (сатып алган) жана башка турак үйү "Турак жай-ку-
рулуш (турак) кооперативдерине кирген же жекече турак үй (квартира)
курган (сатып алган) жана башка турак үйү (квартирасы) жок аскер кыз-
матчылары жењилдетилген шарттарда ипотекалык кредит алууга укуктуу.
Аскер кызматчыларына кызмат өтөгөн жери боюнча турак жайга акы
төлөө же жекече турак жай курууга, жеке турак үй (квартира) сатып алуу-
га финансы-кредит мекемелеринен алынган кредит боюнча карыздарын
төлөөдө он беш календардык жыл аралыгында кынтыксыз жана үзгүлтүксүз
аскер кызматын өтөгөндөргө - 50 пайыз өлчөмүндө, жыйырма календардык
жыл же андан ашык иштегендерге - 100 пайыз өлчөмүндө бекер финансылык
жардам көрсөтүлөт.".
3. 13-статьянын жетинчи бөлүгү "үй-бүлөлүк абалы" деген сөздөрдөн
кийин, "өз каалоосу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 14-статьянын экинчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жакшы окуган офицер курамындагы адамдарга, прапорщиктерге, мич-
мандарга, мөөнөтүнөн ашыкча кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына жана жа-
рандык окуу жайында алган адистиктерине, кесиптик профилине (аскердик
кесибине) ылайык келген учурларда мамлекет аскердик кызматын
өтөгөндөргө окуганы үчүн акы төлөө боюнча үзгүлтүксүз беш календардык
жылдын аралыгында - 25 пайыз, он жыл жана андан ашуун болсо - 50 пайыз
өлчөмүндө компенсациялоону камсыз кылат.".
5. 15-статьянын экинчи бөлүгү "өз өтүнүчү боюнча," деген сөздөрдөн
кийин "кызматка дал келбегендиги боюнча" деген сөздөр менен толуктал-
сын.
6. 21-статья төмөндөгүдөй мазмундагы алтынчы бөлүк менен толуктал-
сын:
"Аскер кызматчысын кызмат боюнча башка регионго которгондо жерги-
ликтүү бийлик органдары аскер кызматчысынын кайрылуусу боюнча анын
үй-бүлө мүчөлөрүнө адистиги боюнча ишке орноштурууга көмөк көрсөтөт.".
Берененин тексти 06.08.2005 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- О статусе военнослужащихЗакон · 01.07.1992 · № 930-XII
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1721/st-1" title="1-статья - Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>