1-статья. «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө»
Күчүндө · 12.07.2005 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Ведомосттору, 1993-ж., № 8, 179-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр
жана толуктоолор киргизилсин:
1. Преамбуласы «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
алдындагы каржы полициясынын» деген сөдөрдөн кийин «Кыргыз
Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин атайын
байланыш кызматынын» деген сөздөр менен толукталсын.
2. 1-статьясынын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Офицердик курамдагы адамдар, прапорщиктер, мичмандар, мөөнөттөн
тышкаркы кызматтагы аскер кызматкерлери, ички иштер органдарынын,
жазык - аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, каржы
полициясынын, атайын байланыш кызматынын мамлекеттик социалдык
камсыздандырууга алынбоочу жетекчи жана катардагы курамдагы адамдары -
ушул Мыйзам менен белгиленген аскердик кызматта, ички иштер
органдарында, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарында,
финансылык полициянын жана атайын байланыш кызматынын органдарында
иштеген жылдары болгон учурда иштеген жылдары үчүн өмүр бою пенсия
алууга укуктуу».
3. 3-статьянын «д» пунктчасындагы «Кыргыз Республикасынын Транспорт
жана коммуникациялар министрлигинин атайын байланыш кызматынын кенже
жетекчи жана катардагы курамдагы адамдарына» деген сөздөр алып
салынсын.
4. Мыйзамдын бүткүл тексти «каржы поллциясынын» жана «Кыргыз
Республикасынын Финансы министрлигинин» деген сөздөрдөн кийин тийиштүү
жөндөмөлөрдөгү «, атайын байланыш кызматынын» жана «, Кыргыз
Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин» деген
сөздөр менен толукталсын.
Берененин тексти 12.07.2005 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1194
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1700/st-1" title="1-статья - Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>