Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасы «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу» мыйзамы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 12-июлундагы № 102
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МЫЙЗАМЫ
«Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу
2005-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья. «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Ведомосттору, 1993-ж., № 8, 179-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр
жана толуктоолор киргизилсин:
1. Преамбуласы «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
алдындагы каржы полициясынын» деген сөдөрдөн кийин «Кыргыз
Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин атайын
байланыш кызматынын» деген сөздөр менен толукталсын.
2. 1-статьясынын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Офицердик курамдагы адамдар, прапорщиктер, мичмандар, мөөнөттөн
тышкаркы кызматтагы аскер кызматкерлери, ички иштер органдарынын,
жазык - аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, каржы
полициясынын, атайын байланыш кызматынын мамлекеттик социалдык
камсыздандырууга алынбоочу жетекчи жана катардагы курамдагы адамдары -
ушул Мыйзам менен белгиленген аскердик кызматта, ички иштер
органдарында, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарында,
финансылык полициянын жана атайын байланыш кызматынын органдарында
иштеген жылдары болгон учурда иштеген жылдары үчүн өмүр бою пенсия
алууга укуктуу».
3. 3-статьянын «д» пунктчасындагы «Кыргыз Республикасынын Транспорт
жана коммуникациялар министрлигинин атайын байланыш кызматынын кенже
жетекчи жана катардагы курамдагы адамдарына» деген сөздөр алып
салынсын.
4. Мыйзамдын бүткүл тексти «каржы поллциясынын» жана «Кыргыз
Республикасынын Финансы министрлигинин» деген сөздөрдөн кийин тийиштүү
жөндөмөлөрдөгү «, атайын байланыш кызматынын» жана «, Кыргыз
Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин» деген
сөздөр менен толукталсын.
2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөту өзүнүн чечимдерин ушул
Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө
кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
милдетин аткаруучу К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1194
Шилтеме берет (1)
- Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1194