20-статья. Укук бузууларды жекече алдын алуу чараларын колдонуунун негиздери
Күчүн жоготкон · 27.04.2017 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 5 мая 2021 года № 60.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 июля 2012 года № 114
Ушул Мыйзамдын 18-статьясында каралган чараларды төмөнкү адамдарга колдонууга ошондой укукка ээ органдын тийиштүү чечимди кабыл алуусу жалпы негиз болуп саналат:
- уюшкан кылмыштуу топтордо, кылмыштуу шериктиктерде (кылмыштуу уюмдарда), куралдуу топтордо (бандаларда) тургандарга;
- атайын жасаган кылмышы үчүн соттуулугу алынбаган жана жоюлбагандарга;
- атайын кылмыш кылган, бирок коомдук таасир көрсөтүүнүн, болбосо административдик жаза берүү чаралары колдонулгандыгына байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотулгандарга;
- атайын кылмыш кылганы үчүн айыпталган, бирок тергөө учурунда камакка алынбагандарга;
- эркинен ажыраткан байланышы жок жазалоо чараларына соттолгондорго, алардын ичинде шарттуу соттолгондорго;
- эркинен ажыратуучу жайлардан мөөнөтүнөн мурда шарттуу же мунапыс боюнча бошонгондорго;
- календарлык жыл ичинде эки же андан көп административдик укук бузуу жасагандарга;
- спирт ичимдиктерин такай ичкендерге, анын ичинде аракечтиктен дарылоо курсунан өткөн жана коомдук тартипти бузгандарга, баңги заттар кошулган дары-дармектерди врачтын руксаты жок пайдалануучуларга, саламаттык сактоо мекемелеринде каттоодо турган (кол салуу ниети барларга) психикалык жактан оорулууларга;
анын ичинде жашы жете электерге карата:
- кылмыш жообуна тартылуу курагына жете электе коомдук коркунучтуу иштерди жасагандарга;
- үй-бүлөсүн уруксаты жок таштап кеткен 16 жашка чейинкилерге же атайын окутуу-тарбиялоо мекемелеринен уруксатсыз такай качып кетүүчүлөргө;
- коомдук коркунучтуу жосундарды жасаган жана кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
- үй-бүлөлүк зомбулук жасагандарга жана коргоо ордерин алгандарга.
(КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 141, 2012-жылдын 16-июлундагы № 114, 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 27.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 16 июля 2012 года № 114 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 июля 2011 года № 141 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
- 18-статья. Укук бузууларды жекече алдын алуу чараларын колдонуунун негиздери
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1679/st-20" title="20-статья - Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>