60-статья. Ветеринариялык дары-дармек каражаттарьш жүгүртүү
Күчүн жоготкон · 30.12.2014 редакциясы · 4-БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175.
чөйрөсүндөгү мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуу
1. Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү
мамилелерди мамлекеттик жөнгө салууну мамлекеттик ветеринарияны башка- руунун республикалык органы камсыз кылат, ага төмөнкүдөй милдеттер жүктөлөт:
- Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын
аймагына алынып келинген ветеринариялык дары-дармек каражаттарынын са- патын, натыйжалуулугун, коопсуздугун экспертизалоо;
- ветеринариялык дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоо;
- ветеринарияда пайдаланууга арналган дары-дармек каражаттарынын
мамлекеттик реестрин түзүү;
- ветеринариялык дары-дармек каражаттарынын колдонулушу, көмөкчү
таасирлери жана өз ара таасиринин өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалыматтарды топтоо, жалпылоо жана талдоо;
- ветеринария жаатында пайдаланууга арналган дары-дармек каражат-
тарынын сапатынын мамлекеттик стандартын иштеп чыгуу жана бекитүү;
- ветеринариялык дары-дармек каражаттарын өндүрүүнүн ветеринар-
дык-санитардык коопсуздугун экспертизалоо;
- ветеринариялык дары-дармек каражаттарын өндүрүүнүн ылайыктуулугу
жөнүндө корутундуларды берүү;
- ветеринариялык дары-дармек каражаттарын даярдап чыгарган ишкана-
лардын өндүрүштү уюштуруунун жана дары каражаттарынын сапатын контрол- доонун эрежелерин аткарышын контролдоо;
- дары-дармек каражаттарынын сапатын контролдоо компетенциясына
кирген мамлекеттик аткаруу бийлик органдары менен өзара аракеттенүү;
- ветеринариялык дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө иш-
теген адистерди аттестациялоо жана сертификат берүү;
- ветеринариялык дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү
адистерди даярдоону жана кайра даярдоону уюштуруу;
- жаныбарлардын ооруларын дарылоо жана алдын алуу үчүн Кыргыз Рес-
публикасынын чегинен тышкары жерден сатылып алынган дары-дармек жана башка каражаттардын тизмегин аныктоо. Тизмекте көрсөтүлбөгөн дары-дар- мек каражаттарын республиканын аймагына алып келүүгө жол берилбейт.
2. Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын өндүрүүгө жана колдону-
уга ветеринариялык дары-дармектердин ченемдик-техникалык документтерге ылайык келишин контролдоочу, стандартташтыруучу жана сертификаттоочу мамлекеттик органдын корутундусунун негизинде уруксат берилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөт ветеринариялык дары-дармектерди конт- ролдоону, стандартташтырууну жана сертификаттоону жүзөгө ашыруучу ор- ганды белгилейт, ал жөнүндөгү жобону бекитет.
XII глава Ветеринариялык кызматкерлердин ишин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү
Берененин тексти 30.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
60-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1658/st-60" title="60-статья - Ветеринария жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>