57-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ветеринария
Күчүн жоготкон · 30.12.2014 редакциясы · 4-БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175.
органдарынын жана мекемелеринин мүлктү, жер участкаларын пайдаланууга жана мүлктү ижарага берүүгө болгон укугу
1. Мамлекеттик ветеринария уюмдары жана мекемелери өздөрүнө
жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн пайдалануучу жайлар, имараттар, ку- рулмалар, жабдуулар, транспорт каражаттары, башка мүлктөр мамлекеттик менчик болуп саналат жана аталган органдар менен мекемелерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте пайдаланууга өткөрүп берилет жана алынбоого тийиш.
2. Мамлекеттик ветеринариянын имараттары же дагы башка объекттери
жайгашкан жер участоктору аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте акысыз туруктуу пайдаланууга, сатуу жана ажыратуу укугусуз берилет.
3. Мамлекеттик ветеринария уюмдары аларга оперативдүү башкаруу
укугу менен бекитилип берилген мүлктү ижарага берүүгө укуктуу. Мүлк уюштуруучунун жазуу жүзүндөгү уруксаты болгондо ижарага берилет.
4. Ижаралык мамилелер ижара келишиминин негизинде жана Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
5. Ветеринария жаатындагы мамлекеттик кепилдиктерди ишке ашыруу
үчүн керектүү мүлктү ижарага берүүгө тыюу салынат.
X глава Ветеринария жаатындагы жекече ишкерчилик
Берененин тексти 30.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
57-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1658/st-57" title="57-статья - Ветеринария жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>