46-статья. Юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин жана
Күчүн жоготкон · 30.12.2014 редакциясы · 3-БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175.
жаныбарлардын ээлери - жарандардын диагностика жана иммунопрофилактика боюнча иш-чараларды жүргүзүүдөгү укуктары жана милдеттери
1. Юридикалык жактар, жеке ишкерлер жана жаныбарлардын ээлери -
жарандар диагностика жана иммунопрофилактика боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- Тизмекке жаныбарлардын киргизилген өтө коркунучтуу жугуштуу оо-
руларына каршы акысыз диагностикалык изилдөөлөргө жана иммунопрофилак- тикалоого жана эпизоотиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын алуучу эмдөөлөргө;
- ветеринардык кызматкерлерден диагностикалык изилдөөлөр жана им-
мунопрофилактика тууралу, алардан баш тартуунун кесепеттери, жаныбар- ларды эмдегенден кийин оорунун күчөп кетүү мүмкүнчүлүгү же ал жаныбар- ларды союу жана андан алынган азыктарды пайдалануудагы убактылуу чектөөлөр жөнүндө маалыматтарды алууга;
- вакцина сайылгандан кийин оору күчөп кеткен учурда жаныбарларды
акысыз дарылатууга;
- алдын алуучу эмдөөдөн мурда жаныбарларды акысыз ветеринариялык
кароодон өткөрүүгө жана зарыл болгондо ветеринариялык жактан тек- шертүүгө.
2. Иммунопрофилактика жүргүзгөндө юридикалык жактар, жеке ишкерлер
жана жаныбарлардын ээлери - жарандар жаныбарлардын ооруларынын тизмеги- не киргизилген жаныбарларды милдеттүү түрдө эмдетүү жөнүндөгү же эпизо- отиялык көрсөткүчтөр менен шартталган жаныбарларга иммунопрофилактика жүргүзүү жөнүндөгү ветеринардык кызматкерлердин талаптарын аткарууга милдеттүү.
3. Эгерде ветеринардык кызматкерлердин талабы боюнча ушул стать-
янын 2-пунктуна ылайык иммунопрофилактика жана диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн жаныбарлардын ээси тарабынан көрсөтүлбөсө аларды сатууга, ташууга (айдоого), союуга, ошондой эле ал жаныбарлардан алынган азыктарды сатып өткөрүүгө жол берилбейт.
Берененин тексти 30.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
46-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1658/st-46" title="46-статья - Ветеринария жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>