38-статья. Жаныбарлардан алынган азыктарга ветеринардык-санитардык
Күчүн жоготкон · 30.12.2014 редакциясы · 3-БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175.
экспертиза
1. Жаныбарлардан жана канаттуулардан алынган эт, эттен жасалган
жана башка азыктар, сүт жана сүт азыктары, жумуртка, балык, балык азык- тары жана дењиз азыктары, бал жана балазыктары, жаныбарлардан алынган башка азыктардын сапатын аныктоо, алардын ветеринардык-санитардык кооп- суздугун жана тамак-аш максатына пайдаланууга жарактуулугун билүү үчүн ветеринардык-санитардык экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш.
2. Жаныбарлардан алынган азыктарды даярдоодо жана аларды милдеттүү
түрдө - жасаган жана базарларда сатып өткөргөн учурда, ошондой эле жүгүртүүнүн кийинки бардык этаптарында ветеринардык-санитардык жагынан шектүү болгондо же жагымсыз белгилер аныкталган учурда ветеринардык-са- нитардык экспертизадан өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинүүчү жаныбарлардан алынган азыктар тиешелүү ветеринардык-санитардык көрсөткүчтөрү болгон учурда чекаралык ветеринариялык контроль жүргүзүүдө ветеринардык-сани- тардык экспертизадан өткөрүлөт.
3. Жаныбарлардан алынган азыктарды ветеринардык-санитардык экспер-
тизалоо бардык этаптарда мамлекеттик ветеринариянын уюмдары жана меке- мелери (эксперттери) тарабынан жүргүзүлөт, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экспертизанын сапаты жана калыстыгы үчүн жоопкерчи- лик тартышат.
4. Ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү тартиби (ыкмалары,
усулдары, эрежелери) мамлекеттик ветеринарияны башкаруунун республика- лык органы тарабынан белгиленет жана Кыргыз Республикасынын Өкмүтү та- рабынан бекитилет.
5. Шарттуу түрдө жарактуу деп табылган жаныбарлардан алынган азык-
тар белгиленген тартипте жок кылынууга, зыянсыздандырылууга, кайра иш- тетилүүгү же пайдаланылууга тийиш. Азыктарды шарттуу түрдө жарактуу деп табуудан же жок кылынууга ти- йиш болгондогунан улам келтирилген чыгымды (зыянды) анын ээси тартат.
Берененин тексти 30.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
38-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1658/st-38" title="38-статья - Ветеринария жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>