29-статья. Кыргыз Республикасьша алынып келинүүчү жаныбарларга,
Күчүн жоготкон · 30.12.2014 редакциясы · 3-БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175.
жаныбарлардан алынуучу азыктарга, тоют жана тоюттук кошулмаларга карата ветеринардык-санитардык талаптар
1. Төлдөтүү жана багуу үчүн, анын ичинде зоопарктарга,
көргөзмөлөргө, спорттук мелдештерге катышуу, ошондой эле башка максат- тарда алынып келинүүчү жаныбарлардын дени сак болушу керек. Кайра иштетүү жана сатып өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасына алынып келинүүчү жаныбарлардан алынган азыктар дени таза жаныбардыкы болбошу керек. Сатып өткөрүү үчүн алынып келинүүчү тоют жана тоют кошулмалары жа- ныбарлар үчүн зыянсыз болууга тийиш жана жол берилген ченемдерден ашкан өлчөмдө уулуу заттар болбошу керек.
2. Жаныбарлар, жаныбарлардан алынуучу азыктар, тоют жана тоюттук
кошулмалары Кыргыз Республикасынын катышуусу менен ветеринария маселе- лери боюнча эл аралык келишимдерде каралган шарттарды, ветеринария мый- замдарынын талаптарын сактоо менен, ошондой эле алынып келинүүчү көрсөтүлгөн объектилердин (жүктөрдүн) ар бир партиясын анын ветеринар- дык-санитардык коопсуздугун жана ал алынып чыккан өлкөдө жаныбарлардын жугуштуу оорулары жок экендигин ырастоочу (кепилдик берүүчү) ветерина- риялык сертификаттар (күбөлүктөр) менен кошо Кыргыз Республикасынын ай- магына алынып келинүүгө жол берилет. Ветеринардык кызматтар контролдоого алган алынып келинүүчү товар- ларга ветеринариялык талаптар аларды жөнөтүү келишиминин (контракт) ажырагыс бөлүгү болууга жана жөнөтүлүүчү тарабынан аларды сактоо кепил- денүүгө тийиш.
Берененин тексти 30.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1658/st-29" title="29-статья - Ветеринария жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>