25-статья. Тоюттарга жана тоюттук кошулмаларга карата
Күчүн жоготкон · 30.12.2014 редакциясы · 3-БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175.
ветеринардык-санитардык талаптар
1. Тоют жана тоюттук кошулмалар жаныбарларга залал келтирбегендей
болушу керек, жаныбарлардын чоњоюшун тездетүүчү, анын ичинде гормонал- дык жана жаныбарларга, айлана-чөйрөгө, адамга зыян келтирүүчү дагы баш- ка заттар жол берилген дењгээлден ашкан санда болууга тийиш эмес.
2. Тоюттар жана тоюттук кошулмалар жаныбарлар үчүн коопсуздуктун
жана (же) зыянсыздыктын ветеринардык-санитардык ченемдери жана аларды сертификациялоо тартиби ветеринариялык эрежелер менен белгиленет. Бул ченемдер Кыргыз Республикасы мүчөсү болуп саналган эл аралык ветерина- риялык уюмдардын эл аралык стандарттарында жана ченемдик докумештеринде белгиленген тиешелүү ченемдерден айырмаланууга тийиш эмес.
3. Тоюттарды жана тоюттук кошулмаларды өндүрүүгө жана колдонууга
алардын ветеринариялык эрежелерге ылайык келиши жөнүндө ветеринар- дык-санитардык корутундусу болгондо жол берилет.
4. Тоют жана тоюттук кошулмаларды чыгаруучу юридикалык жактар, же-
ке ишкерлер жана жарандар, ошондой эле аларды сатып алууда, сактоодо, ташууда жана сатып өткөрүүдө алардын сапатын камсыз кылууга жана вете- ринариялык эрежелерди аткарууга тийиш.
5. Ветеринариялык эрежелерге дал келбеген жана ветеринардык-сани-
тардык экспертизанын жана (же) сертификациялоонун натыйжалары боюнча жаныбарлар үчүн кооптуу болгон тоют жана тоюттук кошулмалар өндүрүштөн, сатып өткөрүүдөн алынып салынууга жана жаныбарлардын жаныбарлардын ра- ционунан чыгарылып, андан кийин жок кылынууга же ветеринардык-санитар- дык корутундуга ылайык колдонулууга тийиш.
Берененин тексти 30.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1658/st-25" title="25-статья - Ветеринария жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>