23-статья. Жаныбарларды багууга, тоюттандырууга жана сугарууга,
Күчүн жоготкон · 30.12.2014 редакциясы · 3-БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175.
аларды ташууга же айдоого, ошондой эле базарларда сатууга карата ветеринардык-санитардык талаптар
1. Жаныбарларды багууда, төлдөтүүдө жана пайдаланууда ыњгайлуу
шарттар түзүлүшү керек, жаныбарларга берилүүчү тоют жана суу химиялык курамы боюнча коопсуз жана зыянсыз болууга, белгиленген ветеринар- дык-санитардык ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.
2. Жаныбарлардын ээлери - юридикалык жактар, жеке ишкерлер, жаран-
дар жањыдан сатып алынган жаныбарлар, алынган төл, аларды союу жана са- туу, ошондой эле күтүүсүздөн чыгашага учурагандыгы, бир нече жаныбар бир эле мезгилде дартка чалдыкканы же алардын ылањдап калышы тууралу мамлекеттик ветеринария органдарына кабарлоого жана ветеринариялык адистер келгенге чейин аларды өзүнчө бөлүп багууну камсыз кылууга, ве- теринариялык кароосуз жаныбарларды союуга жол бербөөгө жана союлгандан кийин ветеринардык-санитардык экспертизадан өткөрбөстөн алардын этин жана башка органдарын сатууга жол бербөөгө милдеттүү.
3. Жаныбарларды айдоого (ташууга) ветеринардык-санитардык талап-
тарды сактоо менен жана ветеринариялык коштомо документтери (ветерина- риялык күбөлүктөрү) болгондо мамлекеттик ветеринариялык көзөмөлдөө ор- гандары менен макулдашылган маршруттар боюнча уруксат берилет.
Берененин тексти 30.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1658/st-23" title="23-статья - Ветеринария жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>