19-статья. Ведомстволук ветеринардык-санитардык көзөмөл
Күчүн жоготкон · 30.12.2014 редакциясы · 2-БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175.
1. Айыл чарба ишканаларындагы, мал союу, жаныбарлардан алынуучу
азыктарды кайра иштетүүчү, сактоочу ишканадагы, ведомстволук ветеринар- дык-санитардык кызматы бар мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын ве- теринардык-санитардык көзөмөлдөөнүн башка объектилериндеги ветеринар- дык-санитардык көзөмөл ошол кызматтар тарабынан ишке ашырылат; көзөмөлгө алынуучу объекттердин тизмеги, көзөмөлдү уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун тартиби аткаруу бийлигинин тийиштүү органдары иштеп чыккан жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик башкы ветеринариялык инспекторунун макулдугу боюнча бекитилүүчү ушул органдардын жетекчилери тарабынан ведомстволук ветеринардык-санитардык көзөмөл жөнүндөгү жобо менен аныкталат.
2. Мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын объекттериндеги ведомс-
тволук ветеринардык-санитардык көзөмөл башкы ветеринардык-санитардык инспекторлор - ушул аткаруу бийлик органдарынын ветеринардык-санитардык кызматтарынын начальниктери тарабынан уюштурулат.
IV глава Мамлекеттик ветеринария жана мамлекеттик ветеринариялык көзөмөл органдарын каржылоо
Берененин тексти 30.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1658/st-19" title="19-статья - Ветеринария жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>