75-статья. Жарандык абалдын акт жазуусуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби
Күчүн жоготкон · 01.08.2020 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 августа 2020 года № 110.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 июня 2018 года № 60
1. Жарандык абалдын акт жазуусуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү оңдолууга же өзгөртүлүүгө тийиш жазуулар сакталган жердеги жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.
2. Жарандык абалдын акт жазуусуна киргизилген оңдоолордун же өзгөртүүлөрдүн негизинде жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралу жаңы күбөлүк берилет.
Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын жетекчиси жарандык абалдын акт жазуусуна киргизилген оңдоолор же өзгөртүүлөр тууралу жарандык абалдын актысынын тиешелүү жазууларынын экинчи нускасы сакталган жердеги жарандык абалдын актыларын жазуу органына жарандык абалдын актыларынын жазуусуна киргизилген оңдоолор же өзгөртүүлөр тууралу маалымат берүүгө жана ошол эле учурда мындай оңдоолор же өзгөртүүлөр киргизилгенден үч күндүк мөөнөт ичинде арыз ээси турган жердеги ички иштер органына жана аскер комиссариатына билдирүүгө милдеттүү. (КР 2018-жылдын 5-июнундагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
X-глава Жарандык абалдын акт жазууларын калыбына келтирүү жана жокко чыгаруу
Берененин тексти 01.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
75-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 5 июня 2018 года № 60 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Семейный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах")"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1655/st-75" title="75-статья - Жарандык абалдын актылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>