73-статья. Жарандык абалдын акт жазуусуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу арыз
Күчүн жоготкон · 01.08.2020 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 августа 2020 года № 110.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 июня 2018 года № 60
1. Жарандык абалдын актысынын жазуусуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу арыз арыз ээсинин жашаган жериндеги же оңдолууга же өзгөртүлүүгө тийиш болгон жарандык абалдын актысынын жазуулары сакталган жердеги жарандык абалдын актыларын жазуу органына берилет.
Арыз ага жарандык абалдын актысынын жазуусу түзүлгөн адам тарабынан же болбосо ал ыйгарым укук берген адам тарабынан берилет. Жарандык абалдын актысынын жазуусуна оңдоо же өзгөртүү киргизүү жана күбөлүктү алуу жөнүндө ыйгарым укуктар ишеним катта каралууга тийиш. Өлгөн адамга карата мурда түзүлгөн жарандык абалдын актысынын жазуусуна оңдоо жана өзгөртүү киргизүү өлгөн адамдын жакын тууганынын арызы боюнча жүргүзүлөт.
2. Жарандык абалдын акт жазуусуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу арызда төмөндөгүдөй маамыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:
- арыз ээсинин жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жашаган жери;
- арыз ээси оңдоо же өзгөртүү киргизүүнү сураган жарандык абалдын акт жазуусунун реквизиттери.
Арыз ээси жарандык абалдын акт жазуусуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу арызына кол коет жана ал түзүлгөн датаны көрсөтөт. Ушундай арызды берүү менен катар эле жарандык абалдын акт жазуусуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу алмашылууга тийиш болгон жарандык абалдын акт жазуусун мамлекеттик каттоо тууралу күбөлүк кошо берилиши жана жарандык абалдын акт жазуусуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиздер бар экендигин тастыктаган документтердин болушу керек. Ошондой эле арыз ээси анын инсандыгын ырастаган документти да берүүгө тийиш. (КР 2018-жылдын 5-июнундагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 01.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
73-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 5 июня 2018 года № 60 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Семейный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах")"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1655/st-73" title="73-статья - Жарандык абалдын актылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>