71-статья. Жарандык абалдын акт жазууларына оңдоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү үчүн негиздер
Күчүн жоготкон · 01.08.2020 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 августа 2020 года № 110.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 июля 2016 года № 132
1. Жарандык абалдын акт жазууларына оңдоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн негиздердин жана таламдаш адамдардын ортосунда талаш-тартыш болбогондо жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан жүргүзүлөт.
Таламдаш адамдардын ортосунда талаш-тартыш болсо, жарандык абалдын акт жазууларына оңдоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
2. Жарандык абалдын акт жазууларына оңдоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү үчүн төмөндөгүлөр негиз болот:
- асырап алуу тууралу акт жазуусу;
- аталыкты аныктоо тууралу акт жазуусу;
- атын алмаштыруу тууралу акт жазуусу;
- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;
- (алтынчы абзац КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- баланын атасы менен никеде турбаган, баланын туулгандыгы тууралу акт жазуусуна атасы тууралу маалыматтын, болбосо аларды өзгөртүү же жокко чыгаруу киргизилбегендиги тууралу эненин арызы;
- жашы жеткен адамдын ата-энеси (ата-энелери) атын өзгөрткөн учурда ошол адамдын төрөлүшү тууралу акт жазуусунда атасы (энеси) жөнүндө маалыматты өзгөртүү тууралу арызы;
- алгачкы текшерүү же тергөө органы тарабынан берилген өлүмү дайынсыз өлгөн киши катары катталгандын ким экендигин аныктоо тууралу белгиленген формадагы документ;
- эгерде өлгөндүгү мурда катталган болсо, негизсиз репрессияланган жана социалдык, улуттук жана башка белгилер боюнча саясий, диний ынанымдары үчүн репрессиялардын натыйжасында жабыр тарткан, кийин реаблитацияланган жарандардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндөгү мыйзамдын негизинде реабилитациялангандын өлгөндүгүн белгиленген факты тууралу тиешелүү формадагы документ;
- ушул Мыйзамдын 72-статьясында көрсөтүлгөн учурларда жарандык абалдын актыларын жазуу органынын жарандык абалдын актыларынын жазуусуна оңдоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу чечими.
(КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 01.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
71-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 23 июля 2016 года № 132 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", Семейный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
23.07.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тууралу акт жазуусу;
- атын алмаштыруу тууралу акт жазуусу;
- соттун кошулду: мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;
- алынып салынды: баланын фамилиясын жана (же) өзүнүн атын өзгөртүү тууралу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдүн чечими;
кошулду: (алтынчы абзац КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- баланын атасы менен никеде турбаган, баланын туулгандыгы тууралу … актыларынын жазуусуна оңдоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу чечими.
кошулду: (КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1655/st-71" title="71-статья - Жарандык абалдын актылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>