67-статья. Өлгөндүктү мамлекеттик каттоодон өткөргөн жер
Күчүн жоготкон · 01.08.2020 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 августа 2020 года № 110.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 июля 2016 года № 132
1. Өлгөндүктү мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан каза болгон адамдын акыркы жашаган жери, өлгөн жери боюнча жүргүзүлөт.
2. Эгерде адам кемеде, поездде, самолетто же жүрүп бараткан дагы башка транспорт каражатында кетип баратып өлсө, өлгөндүктү мамлекеттик каттоо ошол өлгөн адамдын сөөгү транспорт каражатынан түшүрүлгөн аймактын ичинде жайгашкан жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Эгерде адам жарандык абалдын актыларын жазуу органдары жок экспедицияда, илимий станцияда же жарандык абалдын актысын жазуу органдары жок алыскы жерде жүрүп өлсө өлгөндүктү мамлекеттик каттоо ошол адамдын өлгөн жерине жакынкы жарандык абалдын актыларын жазуу органы аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
4. Өлгөндүктү мөөнөтүн өткөрүү менен (бир жылдан ашык) мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык абалдын актыларын жазган органдар тарабынан жүргүзүлөт.
(КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 01.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
67-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 23 июля 2016 года № 132 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", Семейный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
23.07.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жарандык абалдын актыларын жазуу органы аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. кошулду: 4. Өлгөндүктү мөөнөтүн өткөрүү менен (бир жылдан ашык) мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык абалдын актыларын жазган органдар тарабынан жүргүзүлөт. (КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1655/st-67" title="67-статья - Жарандык абалдын актылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>