15-статья. Патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге даттануу
Күчүндө · 17.03.2023 редакциясы
жана өткөрүлгөн мөөнөттөрдү калыбына келтирүү
Өтүнмө ээси патент берүүдөн баш тартуу жөнүндөгү чечимге макул болбосо ал Апелляциялык кењешке өтүнмө боюнча чечимди же өтүнмөгө каршы коюлган материалдардын көчүрмөсүн жана сыноолордун жыйынтыктары жөнүндө толук маалыматты алган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге каршы пикир берүүгө укуктуу.
Каршы пикир Апелляциялык кењешке келип түшкөн күндөн тартып төрт айлык мөөнөттүн ичинде каралууга тийиш. Татаал өтүнмөлөр боюнча көрсөтүлгөн мөөнөт өтүнмө ээси менен макулдашуу боюнча узартылышы мүмкүн. Өтүнмөнүн ээси өзүнүн каршы пикирин карап чыгууга өзү же болбо- со өзүнүн өкүлү аркылуу катышууга укуктуу.
Апелляциялык кењешке каршы пикир бергендиги үчүн тиешелүү алым төлөнөт. Апелляциялык кењештин чечимине карата өтүнмө ээси кабыл алынган күндөн тартып алты айдын ичинде сот тартибинде даттанышы мүмкүн. Ушул Мыйзамдын 11-статьясынын төртүнчү жана бешинчи бөлүктөрүндө каралган, өтүнмө ээси өткөрүп жиберген мөөнөттөр жүйөлүү себептер бол- гондо жана алым төлөнгөндө интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн. Өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмө ээси тарабынан өткөрүлгөн мөөнөт бүткөн күндөн тартып алты айдан кечиктирил- бестен берилиши мүмкүн.".
12. 17-статьяда:
"30 жылды" жана "35 жылды" деген сөздөр тиешелүү түрдө "20 жылды" жана "25 жылды" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
13. 19-статьяда "алты айдын" деген сөздөр "эки айдын" деген сөздөр
менен алмаштырылсын.
14. 20-статьянын төртүнчү бөлүгүндөгү "жана аларга түрткү берүү"
деген сөздөр алып салынсын.
15. 24-статьяда:
статья төмөндөгүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын: "Патент ээсинин өзгөчө укугу ошондой эле патент ээсинин уруксаты- сыз чарбалык жүгүртүүгө киргизилген өсүмдүк материалдарына жана коргоо- го алынган сорттун өсүмдүк материалынан жасалган товардык продукцияга да жайылтылат."; төртүнчү бөлүктөгү "биринчи" деген сөз "экинчи" деген сөз менен алмаштырылсын; төртүнчү, бешинчи бөлүктөр тиешелүү түрдө бешинчи, алтынчы бөлүктөр деп эсептелсин.
16. 25-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-статья. Патент ээсинин укуктарын бузуу катары таанылбаган аракеттер
Патент ээсинин төмөндөгүдөй аракеттери укук бузуу катары тааныл- байт: керт башы үчүн жана коммерциялык эмес максаттарда жасалган аракет- тер; эксперименттик максаттарда жасалган аракеттер; коргоого алынуучу сортту, тукумду ушул Мыйзамдын 24-статьясынын бешинчи бөлүгүндө каралган учурлардан башка учурда, жањы селекциялык жетишкендикти түзүү үчүн баштапкы материал катарында пайдалануу боюнча аракеттер, мындай селекциялык жетишкендиктерге карата ушул Мыйзамдын 24-статьясынын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн аракеттер; дыйкан (фермердик) чарба тарабынан алынган өсүмдүк материалын өзүнүн ишканасынын аймагында сортту өстүрүү үчүн үрөн катары ушул ишка- нанын эки жыл бою пайдаланышы. Аларга карата ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн бешинчи абзацында көрсөтүлгөн артыкчылыктар колдонулуучу өсүмдүктөрдүн үрөндөрүнүн жана түрлөрүнүн тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.".
17. 27-статьянын биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндал-
сын: "Ушул Мыйзамда каралган патент ээсинин укуктарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик келип чыгат.".
18. VIII бөлүмдүн аталышы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"VIII БӨЛҮМ. ПАТЕНТТИ ЖАРАКСЫЗ ДЕП ТААНУУ, ПАТЕНТТИН КОЛДОНУЛУШУН МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ТОКТОТУУ, ПАТЕНТТИН КОЛДОНУЛУШУН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ".
19. 29-статьянын биринчи бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндөгү "үч айдын
ичинде" деген сөздөр алып салынсын.
20. 30-статьяда:
статьянын аталышы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Патенттин колдонулушун мөөнөтүнөн мурда токтотуу"; биринчи бөлүктүн биринчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндал- сын; "Патенттин колдонулушу мөөнөтүнөн мурда токтотулат:"; статья төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын: "Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор- ган патенттин колдонулушунун мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгы жөнүндөгү маалыматтарды расмий бюллетенде жарыялайт.".
21. Мыйзам төмөндөгүдөй мазмундагы 30-1-статья менен толукталсын:
"30-1-статья. Патенттин колдонулушун калыбына келтирүү. Кийин колдонуу укугу
Патентти колдоо үчүн патенттик алымдын белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөндүгүнө байланыштуу токтотулган селекциялык жетишкендикке ка- рата патенттин колдонулушу патент таандык болгон адамдын өтүнмөсү боюн- ча калыбына келтирилиши мүмкүн. Мындай өтүнмө интеллектуалдык менчик боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өсүмдүктөрдүн сорттору үчүн үч жылдын ичинде, ал эми жүзүмдүн, декоративдүү жыгач, мөмө-жемиш жана токой дарактарынын сортторуна, анын ичинде кыйыштырылуучу жапайы көчөттөргө, ошондой эле малдардын тукумуна аталган патенттик алымын төлөгөн күндөн тартып 5 жыл ичинде берилүүгө тийиш. Өтүнмөгө патенттин колдонулушун калыбына келтирүү үчүн белгиленген өлчөмдөгү патенттик алымдын төлөнгөндүгүн тастыктаган документ тиркелүүгө тийиш. Интеллектуалдык менчик боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн расмий бюллетенинде патенттин колдонулушу калыбына келтирилген- диги тууралу маалыматты жарыялайт. Патенттин колдонуу мөөнөтү токтотулган күн менен патенттин колдо- нулушунун калыбына келтирилгендиги жөнүндөгү маалымат интеллектуалдык менчик боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий бюллетенинде жарыяланган күндүн ортосунда патенттелген селекциялык жетишкендикти Кыргыз Республикасынын аймагында иштете баштаган, же болбосо аталган мезгилде буга карата даярдыктарды көргөн ар кандай адам мындай пайдала- нуунун көлөмүн (кийин пайдалануу укугун) кењейтпей туруп аны андан ары акысыз пайдалануу укугун сактап калат. Кийин пайдалануу укугу бул селекциялык жетишкендикти колдонгон же бул даярдыкка карата керек болгон нерселер жасалган жердеги биргелешкөн өндүрүштөгү жеке же юридикалык жакка гана берилиши мүмкүн. Ушул статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө саналып өткөн укуктар кайсы бир адамга аталган иш-аракеттерди жасоого лицензия берүүнү камтыбайт.".
22. 31-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31-статья. Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Апелляциялык кењешинин чечимдерине даттануу
Апелляциялык кењештин патент берүү же патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө, патентти жараксыз деп табуу жөнүндө чечимине өтүнмө ээси аны алган күндөн тартып алты айдын ичинде сот тартибинде даттана алат.".
23. 32-статьянын бешинчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндал-
сын: "Лицензиялык келишим, патент берүү жөнүндөгү келишим интеллектуал- дык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталат, ан- сыз алар жараксыз деп эсептелинет. Каттоо жөнүндө маалыматтар Расмий бюллетенде жарыяланат. Лицензиялык келишимди, патент берүү жөнүндөгү келишимди каттаткандыгы үчүн тиешелүү алым төлөнөт.".
24. 34-статьяда:
биринчи бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Эгерде патенттин ээси же ага карата укукту өткөрүп алган жак па- тент берилген күндөн тартып үч жыл ичинде өлкөнүн айыл чарбасы үчүн турмуштук өтө маанилүү болгон селекциялык жетишкендикти пайдаланбаса жана рынокту жетиштүү дењгээлдеги үрөн менен камсыз кылбаса, ошону ме- нен бирге таламдаш жак менен макулдашуу түзүүдөн баш тартса, акыркы аталган жак бул селекциялык жетишкендикти пайдалануу боюнча ага мажбур- лоо лицензиясын берүү жөнүндөгү доо менен сотко кайрылууга укуктуу."; статья төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын: "Өзгөчө кырдаалдардын учурларында (табигый кырсыктар, кыйроолор
ж.б.) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү патент ээсине кыска мөөнөттүн ичин-
де кабарлама берип жана ошонун өлчөмүндө компенсация төлөп берип, па- тент ээсинин макулдугусуз селекциялык жетишкендикти пайдаланууга урук- сат берүүгө укуктуу, муну менен бирге патенттелген селекциялык жетиш- кендикти кайсы максаттар үчүн пайдаланууга уруксат берилсе, аны пайда- лануунун көлөмү жана узактыгы ушул максаттар менен чектелет. Мындай пайдалануудан келип чыгуучу талаш-тартыштар сот тарабынан чечилет."; бешинчи бөлүктүн бешинчи абзацы алып салынсын; жетинчи бөлүк алып салынсын; экинчи-алтынчы бөлүктөр тиешелүү түрдө үчүнчү-жетинчи бөлүктөр деп эсептелсин.
25. 35-статьянын биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндал-
сын: "Өтүнмө берүүчү селекциялык жетишкендиктин коргоого алынышына өтүнмөнү башка мамлекеттин компетенттүү органдарына бере алат жана бул тууралу интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлайт.".
26. 38-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"38-статья. Селекциялык жетишкендиктерди ташып келүүгө жана ташып чыгарууга контроль
Коргоого алынуучу селекциялык жетишкендиктердин Мамлекеттик реест- ринде катталган селекциялык жетишкендиктерди ташып келүүгө жана ташып чыгарууга контроль Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык бажы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.".
27. 39-статьяда:
төртүнчү бөлүк алып салынсын; бешинчи жана алтынчы бөлүктөр тиешелүү түрдө төртүнчү жана бешинчи бөлүктөр деп эсептелсин.
28. Мыйзам төмөндөгүдөй мазмундагы 40-статья менен толукталсын:
"40-статья. Өтмө жоболор Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин селекциялык жетишкендиктерге бе- рилген Кыргыз Республикасынын патенттери андагы көрсөтүлгөн колдонуу мөөнөтүн сактайт. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин иш жүргүзүүгө кабыл алынып, ал боюнча он чечим чыгарылган селекциялык жетишкендикке патент берүүгө ка- рата табыштама боюнча селекциялык жетишкендикке Кыргыз Республикасынын патенттери төмөндөгүдөй колдонуу мөөнөттөрү менен берилет: өсүмдүктөрдүн сортторуна - коргоого алынуучу селекциялык жетишкендштер- дин мамлекеттик реестринде билдирилген селекциялык жетишкендиктеринде катталган күндөн тартып 30 жылга; жүзүмдүн, декоративдүү жыгач, мөмө-жемиш жана токой дарактарынын сортторуна, анын ичинде кыйыштырылу- учу жапайы көчөттөргө, ошондой эле малдардын тукумуна - 35 жылга бери- лет. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин иш жүргүзүүгө кабыл алынып, ал боюнча чечим чыгарылбаган селекциялык жетишкендикке патент берүүгө ка- рата табыштама боюнча кароонун андан аркы жол-жобосу ушул Мыйзамга ыла- йык жүргүзүлөт.";
Берененин тексти 17.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1653/st-15" title="15-статья - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>