11-статья. Селекциялык жетишкендиктин өтүнмөсүнүн алдын ала
Күчүндө · 17.03.2023 редакциясы
экспертизасы
Селекциялык жетишкендиктин өтүнмөсүнүн алдын ала экспертизасы ал интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилгенден кийин эки айлык мөөнөттө өткөрүлөт. Алдын ала экспертизанын жүрүшүндө интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 7-статьяда каралган документтердин бар экендигин, селекциялык же- тишкендиктин аталышынын ушул Мыйзамдын 8-статьясынын талаптарына дал келишии текшерет, селекциялык жетишкендиктин артыкчылыгын белгилейт.
Алдын ала экспертиза жүргүзүү үчүн алым төлөнөт. Өтүнмө берүүчү өтүнмө берген күндөн тартып жана өтүнмөнүн карап чыгууга кабыл алынгандыгы жөнүндө интеллектуалдык менчик жаатындагы ый- гарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмө ээсине кабарлаганга чейин өтүнмө ээси билдирилген селекциялык жетишкендиктин маани-мањызын өзгөртпөстөн, алым төлөнгөн болсо, өз демилгеси боюнча өтүнмөнүн материалдарын толук- ташы, оњдошу же тактоосу мүмкүн.
Эгерде өтүнмө аны жол-жоболоштурууга жана түзүүгө карата белгилен- ген талаптарды бузуу менен берилсе же экспертизанын максаттары үчүн ко- шумча материалдар талап кылынса, өтүнмө ээсине суроо-талап жөнөтүлөт, анда аны алган күндөн тартып эки айлык мөөнөттүн ичинде оњдолгон же жок материалдарды берүү жагы сунуш кылынат.
Эгерде алдын ала экспертизанын жүрүшүндө селекциялык жетишкендик- тин аталышы белгиленген талаптарга дал келбей турганы аныкталса, өтүнмө ээсине кабарлама жиберилет, анда аны алган күндөн тартып эки айлык мөөнөттүн ичинде башка аталышты берүү жагы сунуш кылынат. Өтүнмө ээсинин өтүнмөсү боюнча, эгерде жүйөлүү себептер болсо жана тиешелүү алым төлөнсө интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул статьянын төртүнчү жана бешинчи бөлүктөрүндө ка- ралган суроо-талапка же кабарламага жооп берүүнүн мөөнөтүн алты айга чейин узартууга уруксат бере алат.
Эгерде өтүнмө ээси көрсөтүлгөн мөөнөттө суралган материалдарды бербесе, селекциялык жетишкендиктин аталышын өзгөртпөсө же белгиленген мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнмө бербесе, өтүнмө чакыртылып алынды деп таанылат. Алдын ала экспертиза оњ жагына чечилгенде өтүнмө ээсине анын өтүнмөсү карап чыгууга кабыл алынгандыгы жөнүндө кабарланат.".
9. 12-статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү-онунчу бөлүктөр менен
толукталсын: "Өтүнмө жарыяланган күндөн тартып алты айдын ичинде анын жањылыгы- на карата ар кандай таламдаш адамдын интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга түшкөн терс пикири эске алынат. Таламдаш жактын терс пикири каршы болуу түрүндө Апелляциялык кењешке берилет.
Каршы пикирдин түшкөндүгү жөнүндө Апелляциялык кењеш өтүнмө ээсине каршы пикирдин маани-мањызы баяндалган кабар жиберет. Өтүнмө ээси та- ламдаш жактын каршы пикирине макул болбогон учурда кабарды алган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө Апелляциялык кењешке жүйөлүү далилдерди жөнөтүүгө укугу бар.
Каршы пикир Апелляциялык кењеш тарабынан аны алган күндөн тартып төрт айдын ичинде каралууга тийиш. Апелляциялык кењешке каршы пикир бергендиги жана аны карап чыккандыгы үчүн алым төлөнөт.
Каршы пикир берген адам, ошондой эле өтүнмө ээси аны карап чыгууга катыша алышат.
Эгерде селекциялык жетишкендик жањылыктын шарттарына туура келбе- се, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат. Каршы пикир боюнча Апелляциялык кењештин чечимине макул болбогон ар бир тарап чечим кабыл алынган учурдан тартып алты айлык мөөнөттө сотко доо менен кайрыла алат.".
10. 13-статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрү алып салынсын.
11. 14 жана 15-статьялар төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-статья. Селекциялык жетишкендиктин айырмалуулугуна, бир тектүүлүгүнө жана туруктуулугуна карата сыноолор
Селекциялык жетишкендиктин айырмалуулугуна, бир тектүүлүгүнө жана туруктуулугуна карата сыноо Мамкомиссия, Мамлекеттик асыл тукум инспек- циясы же Кыргыз Республикасы өсүмдүктөрдүн сортторун, жаныбарлардын ту- кумдарын коргоо жөнүндө эки тараптуу же көп тараптуу келишимдер менен байланышкан компетенттүү уюмдар тарабынан жүргүзүлөт.
Сортту сынагандыгы үчүн алым төлөнөт.
Селекциялык жетишкендиктин айырмалуулугун, бир тектүүлүгүн жана туруктуулугун баалоодо Мамкомиссия, Мамлекеттик асыл тукум инспекциясы:
Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары менен же Кыр- гыз Республикасы өсүмдүктөрдүн сортторун, жаныбарлардын тукумдарын кор- гоо жөнүндө эки тараптуу же көп тараптуу келишимдер менен байланышкан чет өлкөлөрдүн компетенттүү органдары менен селекциялык жетишкендиктер- ди сыноо боюнча түзүлгөн келишимдер боюнча өткөрүлгөн сыноолордун жы- йынтыктарына; өтүнмө ээси тарабынан жүргүзүлгөн же анын тапшыруусу боюнча Кыргыз Республикасында же андан тышкары жактарда өткөрүлгөн сыноолорго негиз- дене алышат.
Мамкомиссия, Мамлекеттик асыл тукум инспекциясы өтүнмө ээсинен ке- ректүү маалыматтарды, документтерди же отургузулуучу, асыл тукум мате- риалдарын берүүсүн талап кыла алат, ошондой эле өтүнмө ээсине сортко, тукумга карата айрым сыноолорду өткөрүүнү сунуш кыла алат.
Мамкомиссия, Мамлекеттик асыл тукум инспекциясы селекциялык жетиш- кендиктердин сыноолорунун жыйынтыктары боюнча селекциялык жетишкендик- тин коргоого жарамдуулуктун шарттарына ылайык келе тургандыгы жөнүндө корутунду чыгарышат жана селекциялык жетишкендиктин расмий сыпаттамасын түзүшөт.
Техникалык өнүгүүнүн жүрүшүндө Мамкомиссия, Мамлекеттик асыл тукум инспекциясы каалаган убакытта патент колдонулган мөөнөтүнүн ичинде се- лекциялык жетишкендиктин сыпаттамасын толуктоого укуктуу.
Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор- ган селекциялык жетишкендиктин айырмалуулугуна, бир тектүүлүгүнө жана туруктуулугуна карата сыноолордун жыйынтыктарынын негизинде жана Мамко- миссия менен Мамлекеттик асыл тукум инспекциясынын отчеттору менен ко- рутундусунун материалдарына таянып, патент берүү жөнүндө чечим чыгарат жана, эгерде анын артыкчылыгы алдын ала экспертизаны өткөрүү учурунда белгиленбесе, аны белгилейт же патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Өтүнмө ээси экспертиза өткөрүлгөндө пайдаланылган материалдар ме- нен тааныша алат жана сыноонун жүрүшүн байкап тура алат. Өтүнмө ээси патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди алган күндөн тартып эки ай- лык мөөнөттүн ичинде өтүнмөгө каршы коюлган материалдардын көчүрмөсүн, ошондой эле өткөрүлгөн сыноолордун жыйынтыктары жөнүндө толук маалымат берүүнү талап кыла алат.
Берененин тексти 17.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1653/st-11" title="11-статья - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>