12-статья. Адамдарды сатууну уюштургандыгы жана ишке ашыргандыгы үчүн жоопкерчилик
Күчүндө · 23.01.2023 редакциясы
1. Адамдарды сатууну уюштурууга жана ишке ашырууга катышкан адамдар Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.
2. Адамдарды сатуу менен байланышкан өзүнүн коомго жат жүрүм-турумун өзгөртүүнү каалабагандыгын жана мүмкүн эместигин билдирген адамдарды сатуунун курмандыктарынын жүрүм-турумдары Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык адамдарды сатуу жоопкерчилигин алып салбайт, ошондой эле алардын күнөөлүү жагдайын жеңилдетүүнү карабайт.
3. Адамдарды сатуунун курмандыгы администрациялык же жазык укук бузуу болуп эсептелген аракеттерди жасагандыгы үчүн, эгерде мындай укук бузуулар адамдарды сатуу процессине аны тартуунун натыйжасында жасаган болсо администрациялык же жазык жоопкерчилигине тартылууга жатпайт.
(КР 2023-жылдын 24-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1650/st-12" title="12-статья - Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>