11-статья. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу органдарга көмөктөшүү
Күчүндө · 23.01.2023 редакциясы
1. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана өкмөттүк эмес уюмдар, кызмат адамдары адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ишти жүзөгө ашырган органдарга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
2. Адамдарды сатуу жөнүндө аларга белгилүү болгон маалыматтар тууралу жана кандай гана болбосун башка жагдайлар жөнүндө адамдарды сатуунун алдын алууга, табууга жана бөгөт коюуга, ошондой эле анын кесепетин азайтууга түрткү болгон маалыматтарды укук коргоо органдарына жарандардын билдирип турушу ар бир жарандын милдети болуп саналат. Адамдарды сатуута байланышкан өзгөчө оор кылмыштарды жаап-жашырган учурларда күнөөлүү адам Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жазага тартылат.
(КР 2023-жылдын 24-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык) III глава Адамдарды сатуу менен байланышкан иштер үчүн жоопкерчилик
Берененин тексти 23.01.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1650/st-11" title="11-статья - Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>