3-статья. Атайын жоболор
Күчүн жоготкон · 12.03.2005 редакциясы
Берене күчүн жоготкон.
Төмөндөгүлөрдүн карыздары кайра түзүмдөштүрүлбөйт:
- өз ишин Кыргыз Республикасынын Президенти же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган мамлекеттер аралык келишимдердин жана дагы башка актылардын жоболоруна жана жеңилдиктер каралган башка макулдашууларга ылайык жүргүзүшкөн субъекттердин;
- "Кыргызмунайгаз" акционердик коомун жана "Баткенмунайгаз" акционердик коомун кошпогондо, акцизделүүчү товарларды өндүрүү жана сатып өткөрүү менен алектенген субъекттердин;
- салык салынышы эркин экономикалык зоналар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен жөнгө салынуучу алардын субъекттеринин;
- ишинин негизги түрү соода болгон, анын кирешеси бардык түшкөн акчасынын кеминде 75 пайызын бере турган субъекттердин;
- ишинин негизги түрү көмүр казып алуу болгон (мамлекеттин үлүшү болбогон) субъекттердин;
- ишинин негизги түрү мейманкана кызматын көрсөтүү болуп саналган субъекттердин;
- "Инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык катталышкан чет өлкөлүк ишканалардын жана чет өлкөлүк инвесторлордун.
Берененин тексти 12.03.2005 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1645/st-3" title="3-статья - Кошуп эсептелген пайыздар, финансы жана айып санкциялары боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>