Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кошуп эсептелген пайыздар, финансы жана айып санкциялары боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө» мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-03-12.
Мыйзамдын 4-беренесине ылайык, Мыйзам 2006-жылдын 1-январында күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2005-жылдын 12-марты № 50
Кошуп эсептелген пайыздар, финансы жана айып санкциялары боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө
Ушул Мыйзамдын максаты салык төлөөчүлөрдүн финансы-экономикалык абалын турукташтыруу жана колдоо көрсөтүү, салыктар боюнча кошуп эсептелген пайыздар, финансы жана айып санкциялары боюнча карыздарды эсептен чыгаруу жолу менен бюджетке карыздардын бир кыйла толугураак тындырылышына түрткү берүү болуп саналат.
1-статья. Жалпы жоболор
1. Юридикалык жана жеке жактардын карыздары кайра түзүмдөштүрүлүүгө тийиш.
2. Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат:
карызды кайра түзүмдөштүрүү - төлөө мөөнөтүн узартуу же карыздын бир бөлүгүн кечүү; пайыздар - Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 63-статьясына жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 118-статьясына ылайык бюджетке салыктарды жана жыйымдарды өз убагында төлөбөгөндүк үчүн кошуп эсептелген суммалар; финансы жана айып санкциялары - Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарын бузгандык үчүн кошуп эсептелген суммалар; карыз - кошуп эсептелген салыктар, учурдагы төлөмдөр боюнча милдеттенмелер, 2005-жылдын 1-январына карата болгон пайыздар, финансы жана айып санкциялары; ашыкча төлөө - 2005-жылдын 1-январына карата кайра түзүмдөштүрүлүүгө тийиш болгон карыздын суммасынан ашыкча төлөнгөн төлөмдөрдүн суммасы.
2-статья. Карызды кайра түзүмдөштүрүү тартиби
1. Салыктардын негизги суммалары жана утурумдук төлөмдөр боюнча карызды тындырган салык төлөөчүнүн пайыздары, финансы жана айып санкциялары төмөндөгүдөй тартипте эсептен чыгарылат:
а) ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч ай өткөндөн кийинки айдын биринчи күнүнө карата - пайыздар, финансы жана айып санкциялары -100 пайызга;
б) ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты ай өткөндөн кийинки айдын биринчи күнүнө карата - пайыздар, финансы жана айып санкциялары - 80 пайызга;
в) ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып тогуз ай өткөндөн кийинки айдын биринчи күнүнө карата - пайыздар, финансы жана айып санкциялары - 50 пайызга.
2. 2005-жылдын 1-январына карата салыктардын негизги суммалары жана утурумдук төлөмдөр боюнча карызы жок салык төлөөчүнүн пайыздары, финансы жана айып санкциялары ушул статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасында аныкталган тартипте эсептен чыгарылат.
3. Салык төлөөчү ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында каралган карыз кайра түзүмдөштүрүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 46-статьясынын талаптарына ылайык төлөө мөөнөтүн узартуу укугуна ээ.
4. Салык төлөөчү ушул статьянын 1 же 2-пункттарында каралган бир жолку гана кечүү жана ушул статьянын 3-пунктуна ылайык төлөө мөөнөтүн бир жолку узартуу укугунан пайдаланат.
5. Салыктардын жана жыйымдардын негизги суммалары боюнча кайра түзүмдөштүрүлүүчү карызды тындыруу мөөнөтү болуп казыналыктын региондук бөлүмүнүн эсебине кириштелген күн эсептелинет.
6. Кайра түзүмдөштүрүлүүчү карызды тындыруу максатында ашыкча төлөөнүн суммасына КНСтин нөлдүк ставкасы менен жөнөтүүлөрдүн эсебинен пайда болгон ашыкча төлөө киргизилет.
7. Салык төлөөчүнүн карыз боюнча ашыкча төлөгөндөрү төмөндөгүдөй пайдаланылат: өзүнчө салык боюнча карыз тындырылат, анан ошол карыз боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жана салыктардын ставкаларын жөнгө салуучу жана аларды администрациялоонун дагы башка мыйзам актыларынын талаптарына ылайык кошуп эсептелген пайыздар жана айып санкциялары боюнча карыз тындырылат.
3-статья. Атайын жоболор Төмөндөгүлөрдүн карыздары кайра түзүмдөштүрүлбөйт:
- өз ишин Кыргыз Республикасынын Президенти же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган мамлекеттер аралык келишимдердин жана дагы башка актылардын жоболоруна жана жеңилдиктер каралган башка макулдашууларга ылайык жүргүзүшкөн субъекттердин;
- "Кыргызмунайгаз" акционердик коомун жана "Баткенмунайгаз" акционердик коомун кошпогондо, акцизделүүчү товарларды өндүрүү жана сатып өткөрүү менен алектенген субъекттердин;
- салык салынышы эркин экономикалык зоналар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен жөнгө салынуучу алардын субъекттеринин;
- ишинин негизги түрү соода болгон, анын кирешеси бардык түшкөн акчасынын кеминде 75 пайызын бере турган субъекттердин;
- ишинин негизги түрү көмүр казып алуу болгон (мамлекеттин үлүшү болбогон) субъекттердин;
- ишинин негизги түрү мейманкана кызматын көрсөтүү болуп саналган субъекттердин;
- "Инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык катталышкан чет өлкөлүк ишканалардын жана чет өлкөлүк инвесторлордун.
4-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана ал күчүнө кирген күндөн тартып тогуз ай өткөндөн кийинки айдын биринчи күнүнө чейин колдонулат. "Эркин Тоо" газетасынын 2005-жылдын 15-мартында N 22 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
2004-жылдын 16-декабрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан каралган эмес
1996-жылдын 16-февралындагы N 1 "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", 1998-жылдын21-октябрындагы N 134 "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", 2001-жылдын24-декабрындагы N 112 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 59-статьясынын 4-пунктуна ылайык жактырылган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 536 "Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана салыктык санкциялар боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 18.09.2014 · № 536
- Приказ Министерства финансов КР от 28 апреля 2005 года № 101-П"Об утверждении Методического указания "О порядке списания задолженности по начисленным процентам, финансовым и…Приказ · 28.04.2005 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004-жылдын 28 октябрынын № 793 «Эсептелген проценттер, финансылык жана айыптык санкциялар боюнча карызды реструктуралоо жонундо» Кыргыз…Постановление · 28.10.2004 · № 793 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-майындагы № 384 " 2006-жылдын I кварталы үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 29.05.2006 · № 384 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 15 марта 2002 года №145 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О реструктуризации задолженности по начисленным налогам, процентам, финансовым…Постановление · 15.03.2002 · № 145 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 11 сентября 2004 года № 676 " Об увеличении экспортного потенциала промышленности Кыргызской Республики"Постановление · 11.09.2004 · № 676 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Налоговый кодекс КРКодекс · 26.06.1996 · № 25 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
- Приказ Министерства финансов КР от 28 апреля 2005 года № 101-П"Об утверждении Методического указания "О порядке списания задолженности по начисленным процентам, финансовым и…Приказ · 28.04.2005 · № 101 · Күчүн жоготкон
- О внесении изменений и дополнений в Конституцию Кыргызской РеспубликиЗакон · 16.02.1996 · № 1 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июлундагы № 329 "Эсептелген процеттер, финансылык жана айып санкциялар боюнча карызды реструктуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 29.07.2005 · № 329 · Күчүн жоготкон