71-статья. Күрөө кармоочунун айыл чарба багытындагы жер участкасын өндүрүп алууну айлантуудан жана торукта сатып өткөрүүдөн кийинки ижарага (сатууга) алууга артыкчылыктуу укук
Күчүндө · 24.04.2025 редакциясы · 7-глава
1. Айыл чарба багытындагы жер участкасын торуктарда ыйгарып алган жак аны ижарага өткөрүп берген учурда, күрөө берүүчү башка жактар менен бирдей шартта торуктарда сатып алуучуга ажыратылган учурдан баштап бир жылдын ичинде ошол жер участкасына артыкчылыктуу келишим түзүү укугуна ээ болот.
Жер участкасын ижарага берүүчү жер участкасын башка жакка ижарага берүү ниети бар экени тууралу ижаранын мөөнөтүн, ижара акысын, дагы башка маанилүү шарттарын көрсөтүү менен күрөө берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирүү берүүгө милдеттүү. Эгерде күрөө берүүчү билдирме алган күндөн тартып бир айдын ичинде ижарадан баш тартса, же ижара келишимин түзбөсө, анда ижара берүүчү жер участкасын башка жакка ижарага өткөрүп берүүгө укуктуу. Жер участкасы артыкчылыктуу укукту бузуу менен ижарага өткөрүп берилсе, күрөө берүүчү үч айдын аралыгында ижарачынын укуктарын жана милдеттерин өзүнө өткөрүп берүү жагын сотто талап кылууга укуктуу.
2. Торуктарда айыл чарба багытындагы жер участкасын сатып алган адам аны андан кийинки сатуу учурунда күрөө берүүчү башка жактар менен бирдей шартта сатып алуучуга торуктарда ага ажыратылып берилген учурдан тартып бир жыл ичинде ошол жер участкасын сатып алууга артыкчылыктуу укук алат. Айыл чарба багытындагы жер участкасын сатуучу күрөө берүүчүгө жер участкасын башка жакка сатуу жөнүндө ниетин, баасын жана башка сатуу шарттарын көрсөтүү менен жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Эгерде күрөө берүүчү сатып алуудан баш тартса, же сатылуучу жер участкасын билдирме жибергенден кийин бир айдын ичинде албаса, анда аны сатуучу Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына жооп берген башка жакка күрөө берүүгө билдирилгенден төмөн болбогон баада сатууга укуктуу.
Жер участкасын сатууда сатуунун артыкчылыктуу укугу бузулбаса, күрөө берүүчү үч айдын аралыгында сотто сатып алуунун укуктары менен милдеттери өзүнө өткөрүп берилишин талап кылууга укугу бар. Ушул пункттун эрежелери алмашуу келишими боюнча айыл чарба багытындагы жер участкасын ажыратып алууда да колдонулат.
3. Күрөө берүүчү тарабынан ижарага же сатып алууга артыкчылыктуу укук берүүгө жол берилбейт.
4. Ушул статьянын эрежелери "Айыл чарба багытындагы жер участкаларын башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен айыл чарба багытындагы жер участкаларынын бөлүгүн ижарага берүүдө же ажыратууда да колдонулат.
Берененин тексти 24.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
71-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Положение о порядке купли-продажи земельных участков сельскохозяйственного назначения (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 13 августа 2001 года N 427)Положение · 13.08.2001 · № 427 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндөЗакон · 11.01.2001 · № 4 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1644/st-71" title="71-статья - Күрөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>