Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-статья. Негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 24.04.2025 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 марта 2021 года № 42
Күрөө жөнүндө келишим - бир тарап - күрөө (негизги милдеттенме) менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча кредитор болуп саналган күрөө кармоочу ушул милдеттенменин негизинде карызкорго койчу акчалай талаптарын башка тараптын - күрөө кармоочунун, көбүнчө ушул Мыйзам менен белгиленген мүлктү алып коюу иштери үчүн күрөө берүүчүнүн башка кредиторлор алдындагы күрөөгө коюлган мүлкүнүн же буюмдук укуктарынын наркынан артыкчылык менен канагат алууга укук берген келишим. Күрөө берүүчү - менчик укугуна же күрөө жүйөсүнө карата дагы башка буюмдук укукка эгедер жак. Күрөө менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча карызкордун өзү же бул милдеттенмеге катышпаган үчүнчү бир жак да күрөө берүүчү болушу мүмкүн. Күрөө кармоочу - негизги милдеттенмелери боюнча талаптары күрөө менен камсыз кылынган жак. Күрөөгө коюлган мүлк - ушул Мыйзамдын 4-статьясында көрсөтүлгөн күрөөгө коюлуучу кандай болбосун мүлк. Кыймылдуу мүлк - акча жана баалуу кагаздарды кошкондо кыймылсыз мүлккө тиешесиз буюмдар. Кыймылсыз мүлк - жер участкалары, кен байлык участкалары, обочолонгон суу объекттери жана жер менен бекем байланышкандардын бардыгы, б.а. өлчөмсүз аларды бир жерден экинчи жерге жылдыруу мүмкүн болбогон объекттер, анын ичинде токойлор, көп жылдык көчөттөр, имараттар, курулмалар ж.б. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо - электрондук формада жүргүзүлүүчү жол-жобо, ал аркылуу кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугу Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталат. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо күрөө кармоочунун артыкчылыктуу укуктарын аныктайт. Күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлк укуктарын каттоо - кыймылсыз мүлккө карата укуктарды жана оордотууларды (чектөөлөрдү) мүлктү каттоонун милдеттүү жол-жобосу; мыйзамдын негизинде пайда болуучу ипотека же кыймылсыз мүлк (ипотека) жөнүндөгү келишимден келип чыгуучу укуктар кыймылсыз мүлк укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Кыймылсыз мүлк укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталат. Күрөөнү каттоо күрөөсүн каттаткан мурдагы күрөө кармоочусуна ушул күрөөнүн жүйөсүнө карата, ошондой эле үчүнчү жактардын кайсынысынын болсо да жасалуучу мамилеси боюнча кийинки күрөөлөрдүн кредиторлоруна караганда мурдагы күрөө кармоочусуна артыкчылыктуу укук берет. Мыйзамдын негизиндеги кыймылсыз мүлк күрөөсү (мыйзам күчүнөн улам келип чыгуучу ипотека) - кыймылсыз мүлктү банктын же башка кредиттик уюмдун карызга алынган акчалай каражатын (кредитин) же болбосо башка юридикалык же жеке жак берген максаттуу карыз каражатын пайдалануу менен сатып алууда пайда болуучу күрөө. Мындай учурда акча каражатын (кредит) берген банк же башка кредиттик уюм же болбосо кыймылсыз мүлктү сатып алууга максаттуу карыз берген юридикалык же жеке жак күрөө кармоочу болуп саналат. Мыйзам күчүнөн улам келип чыгуучу ипотекага, эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, ипотека жөнүндө келишимдин күчүнөн улам пайда болуучу күрөө жөнүндө эрежелер колдонулат. Катталган күрөө - ушул Мыйзамдын 2-главасына ылайык каттоо жол-жобосунан өткөн күрөө. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - милдеттери Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү жана кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү жана күрөө кармоочунун арызынын негизинде күрөө кабарлоосуна жазууларды киргизүү болуп саналган, Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталган, ушул Мыйзамга ылайык иштөөчү мамлекеттик орган. Күрөө кабарлоосу - кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо, ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотулушу жөнүндө маалыматтарды камтыган Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталуучу электрондук формадагы жазуу. Арыз - кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укуктары жөнүндө негизги маалыматты камтуучу, Кыймылдуу мүлккө карата талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталуучу, кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүчү күрөө кармоочунун кагаз же электрондук формадагы кайрылуусу. Арыз кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын күрөө кабарлоосуна тиешелүү жазууну киргизүү үчүн негиз болуп саналат. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри - кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуулардын катталган укуктарынын бирдиктүү электрондук маалымат базасы. Кыймылсыз мүлк укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри - "Кыймылсыз мүлк укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленген кыймылсыз мүлк укуктарын каттоонун бирдиктүү мамлекеттик тутуму. Ипотека күрөөлүгү - анын ээсинин төмөнкүлөргө укугун ырастоочу документтик ордердик баалуу кагаз:
- бул милдеттенмелердин бар экендигинин башка далилдерин бербестен, ипотека менен камсыздалган акчалай милдеттенме боюнча аткарууну алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ипотека менен оорлотулган мүлктүн эсебинен ипотека менен камсыз кылынган милдеттенмелерди канааттандырууга.
(КР 2008-жылдын 17-декабрындагы № 265, 2009-жылдын 30-мартындагы № 98, 2011-жылдын 12-июлундагы № 93, 2016-жылдын 15-июлундагы № 117, 2016-жылдын 2-августундагы № 163, 2021-жылдын 24-мартындагы № 42 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 24 марта 2021 года № 42 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О залоге", Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 августа 2016 года № 163 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О залоге"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 июля 2016 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О залоге", Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 июля 2011 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 марта 2009 года № 98 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 декабря 2008 года №265 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О залоге"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 22.12.1998 · № 153
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1644/st-3" title="3-статья - Күрөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>