Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
211-статья. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри
Күчүндө · 24.04.2025 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 августа 2022 года № 76
1. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри кыймылдуу мүлк милдеттенмелерин аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укуктарынын бирдиктүү электрондук маалымат базасын түзүүгө арналган автоматташтырылган маалыматтык тутум болуп саналат. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) катталган талап укуктары жөнүндө маалыматтардын бирден-бир расмий булагы болуп саналат жана соттук же соттон тышкаркы тартипте өндүрүп алууда кыймылдуу мүлккө талаптардын артыкчылык укуктарынын кезектүүлүгүн белгилейт.
3. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине жекелештирилген маалыматтарды жайгаштыруу бөлүгүндө кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укуктарын каттоодо күрөө берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу зарыл. Күрөө берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укуктарын токтотуу жөнүндө күрөө кабарлоосуна жазуу киргизүүгө чейин күрөө кармоочуда сакталат.
4. Күрөө кабарлоосуна кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укуктарына жазууларды, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу жөнүндө жазуу бир жолку төлөм үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Жүргүзүлгөн каттоо жөнүндө маалыматтар Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук маалыматтар базасында сакталат.
5. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү реестрлерди жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жагынан жеке реестрлер менен иштөөнү жүзөгө ашырат.
6. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган расмий сайт аркылуу онлайн режиминде Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине ачык жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.
7. Жеткиликтүүлүк тартиби жекелештирилген маалыматтар жөнүндө мыйзамдарга ылайык аныкталган жекелештирилген маалыматтарга кирген маалыматтарды кошпогондо, жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте Интернет тармагы аркылуу Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен маалыматтарды акысыз алышат.
8. Талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган маалыматтар кызыкдар жактарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте акы төлөтүүнүн негизинде көчүрмө түрүндө берилиши мүмкүн.
9. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен маалыматтарды издөө салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, күрөөнүн жүйөсү же каттоо номери боюнча жүзөгө ашырылат.
(КР 2016-жылдын 15-июлундагы № 117, 2021-жылдын 24-мартындагы № 42, 2022-жылдын 2-августундагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 августа 2022 года № 76 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О залоге"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 марта 2021 года № 42 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О залоге", Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 июля 2016 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О залоге", Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"Редакцияларды салыштыруу
02.08.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү … токтотуу жөнүндө жазуу бир жолку төлөм үчүн Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Жүргүзүлгөн каттоо … кошпогондо, жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте Интернет тармагы аркылуу Кыймылдуу … камтылган маалыматтар кызыкдар жактарга Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте акы төлөтүүнүн негизинде көчүрмө … 2016-жылдын 15-июлундагы № 117, 2021-жылдын 24-мартындагы № алынып салынды: 42 кошулду: 42, 2022-жылдын 2-августундагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 406 токтомуПостановление · 23.06.2017 · № 406
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 406 токтомуПостановление · 23.06.2017 · № 406
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-майындагы № 303 токтомуПостановление · 24.05.2017 · № 303
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1644/st-211" title="211-статья - Күрөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>