Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
21-статья. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укуктарын каттоо
Күчүндө · 24.04.2025 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 августа 2022 года № 76
1. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укуктарын каттоо электрондук формада жүзөгө ашырылат, ал аркылуу кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугу Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталат.
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугу жөнүндө жобону камтыган жараксыз келишимге мыйзамдуу күч бербейт. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуунун катталбаган укугу милдеттенмелерди аткарууну талап кылуу укугун караган жарандык мыйзамдарга ылайык түзүлгөн бүтүмдөрдүн жараксыздыгына алып келбейт. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо, кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуунун мурда катталган укугу жок башка кредиторлордун алдында өзүнүн талаптарын канааттандырган артыкчылыктуу укукту күрөө кармоочуга берүү максатында жүзөгө ашырылат. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуунун катталган же катталбаган укугу менен күрөөнүн бир эле жүйөсүнө бир нече күрөө кармоочулар бар болгон учурда, кезектүүлүктөгү артыкчылык кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуунун каттоодон өткөн укугуна берилет. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуунун каттоодон өткөн укугунун артыкчылыгы күрөө катталган датасы жана убактысы боюнча аныкталат.
2. Күрөөнүн катталган жүйөсүн өндүрүп алуу жүргүзүлгөн учурда, кезектүүлүк тартибин бузган күрөө кармоочу жарандык мыйзамдарга ылайык кезектүүлүк жагынан артыкчылыкка ээ болгон күрөө кармоочуга чыгымдардын ордун толтуруп берет.
3. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо күрөө кармоочу же Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Күрөө кабарлоосуна жазуу киргизүү төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
1) жарандык мыйзамдарга ылайык күрөө кармоочунун Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн келишиминин;
2) күрөө кармоочунун арызынын.
Арызда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: күрөө кармоочунун маалыматтары:
- жеке жактар үчүн - фамилиясы, аты-жөнү, паспортунун сериясы жана номери, жашаган жеринин дареги, жеке идентификациялык номери;
- юридикалык жактар үчүн - юридикалык жактын аталышы, юридикалык дареги, идентификациялык салык номери;
камсыздалган милдеттенменин сыпаттамасы:
- камсыздалган милдеттенменин суммасы жана аны аткаруу мөөнөтү;
- аны идентификациялоо үчүн зарыл болгон күрөөгө коюлган кыймылдуу мүлктүн сыпаттамасы;
- менчик укугу жөнүндө маалыматтар;
- күрөөнү башкаруучу (эгерде дайындалса);
- эгерде келишимде же макулдашууда кийинки күрөө кармоочулардын жазуу жүзүндөгү кабарлоосу каралса, күрөөгө коюлган мүлктүн кийинки күрөөсү (кайрадан күрөөгө коюу) мүмкүн экендиги жөнүндө маалыматтар;
- (абзац КР 2021-жылдын 24-мартындагы № 42 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- датасы жана арыз ээсинин колу.
Күрөө кабарлоосу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: күрөө кармоочу жөнүндө же күрөөнү башкаруучу (эгерде дайындалса) жөнүндө, күрөө берүүчү жана эгерде ал күрөө берүүчү болбосо, камсыз кылынган милдеттенме боюнча карызкор жөнүндө маалыматтарды:
- жеке жактар үчүн - фамилиясы, аты-жөнү, паспортунун сериясы жана номери, туруктуу жашаган жеринин дареги, жеке идентификациялык номери;
- юридикалык жактар үчүн - юридикалык жактын аталышы, юридикалык дареги, идентификациялык салык номери;
камсыздалган милдеттенменин сыпаттамасы:
- камсыздалган милдеттенменин суммасы жана аны аткаруу мөөнөтү;
- аны идентификациялоо үчүн зарыл болгон күрөөгө коюлган кыймылдуу мүлктүн сыпаттамасы;
- менчик укугу жөнүндө маалыматтар;
- күрөөнү башкаруучу (эгерде дайындалса);
- эгерде келишимде же макулдашууда кийинки күрөө кармоочулардын жазуу жүзүндөгү билдирмеси каралган болсо, күрөөгө коюлган мүлктүн кийинки күрөөсү (кайрадан күрөөгө коюу) жөнүндө маалыматтар;
- (абзац КР 2021-жылдын 24-мартындагы № 42 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Күрөө кабарлоосуна жазуу киргизилгенден кийин Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо жүргүзүлөт, ал кыймылдуу мүлккө карата автоматтык түрдө каттоо номерин берет жана милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап артыкчылык укугу катталган датаны, убактысын аныктайт.
5. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде күрөө берүүчүнүн макулдугу менен кыймылдуу мүлк жагынан милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун алдын ала каттоо жүргүзүлүшү мүмкүн. Кыймылдуу мүлк жагынан милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун алдын ала каттоо тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте кызматтарды көрсөтөт.
6. Укугун күрөөгө коюу күрөөгө коюлган мүлктү күрөө кармоочунун же күрөө жөнүндө келишимге ылайык ал ыйгарым укук берген адамдын ээлигине берилген учурдан тартып ишке ашты деп эсептелет.
7. Жүйөсү акча-кредиттик өбөлгөлөр, баалуу корпоративдик кагаздар болгон милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо ошондой эле мындай өбөлгөлөрдү жана баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдын каалоосу боюнча Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде жүзөгө ашырылат.
8. Накталай акча күрөөсү аны күрөө кармоочунун карамагына өткөрүп берүү жолу менен гана жүзөгө ашырылат. Накталай акча күрөө кармоочу тарабынан депозиттик эсепте кармалат, мында пайыздар күрөө берүүчүгө чегерилип турат.
9. Күрөө кабарлоосуна кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугуна жазууларды киргизүү, өзгөртүү жана токтотуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2016-жылдын 15-июлундагы № 117, 2021-жылдын 24-мартындагы № 42, 2022-жылдын 2-августундагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Караңыз: Кыймылдуу мүлктүн күрөөлөрүн Кыргыз Республикасынын күрөө каттоо кеңселери тарабынан каттоо тартиби жөнүндө нускама (Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-июлундагы № 134 токтому менен бекитилген)
Берененин тексти 24.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 августа 2022 года № 76 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О залоге"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 марта 2021 года № 42 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О залоге", Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 июля 2016 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О залоге", Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"Редакцияларды салыштыруу
02.08.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…талап укугун алдын ала каттоо тартибин Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети аныктайт.
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети белгилеген тартипте кызматтарды көрсөтөт.
6. Укугун күрөөгө коюу … киргизүү, өзгөртүү жана токтотуу тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2016-жылдын 15-июлундагы № 117, 2021-жылдын 24-мартындагы № алынып салынды: 42 кошулду: 42, 2022-жылдын 2-августундагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Караңыз:
Кыймылдуу мүлктүн…
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (2)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 24 мая 2019 года № 10 О некоторых вопросах судебной практики по применению законодательства о залоге (В редакции…Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 24.05.2019 · № 10Пункттар: п. 3
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 24 мая 2019 года №10 «О некоторых вопросах судебной практики по применению законодательства о залоге»Пленум токтомуна өзгөртүү · Постановление Пленума Верховного суда · 25.12.2025 · № 50 · № 10 токтомго өзгөртүү киргизет
Беренеге цитата келтиргендер (8)
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-февралындагы № 35 "Кыймылдуу мүлккө карага милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо маселелери жөнүндө"Постановление · 08.02.2021 · № 35
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 24 мая 2019 года № 10 О некоторых вопросах судебной практики по применению законодательства о залоге (В редакции…Постановление Пленума Верховного суда · 24.05.2019 · № 10
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 24 мая 2019 года №10 «О некоторых вопросах судебной практики по применению законодательства о залоге»Постановление Пленума Верховного суда · 25.12.2025 · № 50
- Приказ Минюста КР от 11 августа 2006 года № 116 "Об утверждении Инструкции о порядке регистрации залоговых сделок движимого имущества залоговыми регистрационными конторами…Приказ · 11.08.2006 · № 116 · Күчүн жоготкон
- Приказ Минюста КР от 3 июня 2009 года № 131 "Об утверждении Инструкции "О порядке регистрации залоговых сделок движимого имущества залоговыми регистрационными конторами…Приказ · 03.06.2009 · № 131 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 77 "Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү…Постановление · 08.02.2017 · № 77 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-июлундагы №134 "Кыймылдуу мүлктүн күрөөлөрүн Кыргыз Республикасынынкүрөө каттоо кеңселери тарабынан каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу"…Постановление · 27.07.2010 · № 134 · Күчүн жоготкон
- Инструкция о порядке регистрации залоговых сделок движимого имущества залоговыми регистрационными конторами Кыргызской Республики (утверждена приказом Минюста КР от 3 июня 2009…Инструкция · 03.06.2009 · № 131 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар…Закон · 24.03.2021 · № 42
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-июлундагы №134 "Кыймылдуу мүлктүн күрөөлөрүн Кыргыз Республикасынынкүрөө каттоо кеңселери тарабынан каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу"…Постановление · 27.07.2010 · № 134 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1644/st-21" title="21-статья - Күрөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>