16-статья. Күрөөгө коюлган мүлктү башка жактардын укуктары менен оорлотуу
Күчүндө · 24.04.2025 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 августа 2017 года № 171
1. Эгерде мыйзамда же күрөө жөнүндөгү келишимде башкасы каралбаса, күрөө берүүчү күрөө кармоочунун макулдугусуз аны кабардар кылуу менен күрөөгө коюлган мүлктү ижарага өткөрүүгө, аны убактылуу бекер пайдаланууга берүүгө жана башка жактар менен макулдашуу боюнча кийинки жакка, бул мүлктүн (сервитут) чектелүү пайдалануу укугун төмөндөгүдөй шарттар аткарылса, бере алат:
- мүлктү пайдаланууга берүүнүн мөөнөтү күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмеде көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашык болбосо;
- мүлктүн тийиштүү багыты үчүн пайдаланууга берилип жатса.
2. Күрөө кармоочу тарабынан күрөөгө коюлган мүлккө болгон өндүрүп алуу мыйзамда же күрөө жөнүндөгү келишимде каралган негиздер боюнча күрөөгө коюлган мүлккө айландырылган учурда, ижаранын бардык укуктары, күрөө тууралу келишим түзүлгөндөн кийин күрөө кармоочунун макулдугусуз күрөө берүүчү тарабынан үчүнчү бир жактарга берилген ушул мүлктү пайдалануунун дагы башка укуктары өндүрүп алууну ошол мүлккө айландыруу жөнүндөгү соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып токтотулат, эгерде ал күрөө кармоочунун талаптары сотко кайрылбастан күрөө тууралу келишимде же күрөө жөнүндөгү келишим менен бирге түзүлгөн күрөө кармоочунун талаптарын соттон тышкары тартипте канагаттандыруу тууралу келишимде, болбосо күрөө берүүчү менен күрөө кармоочунун кийинки макулдашууларында каралган күрөө кармоочунун талаптарын соттон тышкары тартипте канагаттандыруу жөнүндөгү шарттардын негизинде билдирме жиберилген 30 күн өткөндөн кийин канагаттандырылат.
3. Күрөөгө коюлган мүлк күрөө берүүчү тарабынан үчүнчү жактардын пайдалануусуна күрөө менен камсыз кылынган милдеттенменин мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөткө берилиши мүмкүн же күрөө кармоочунун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана ошол мүлктүн багытына ылайык келбеген максаттар үчүн да берилиши мүмкүн.
4. Эгерде күрөө жөнүндөгү келишимде башкасы каралбаса, күрөө берүүчү тарабынан күрөөгө коюлган мүлктү башка жакка берүү күрөө берүүчүнү, күрөө тууралу келишим боюнча милдеттерди аткаруудан бошотпойт.
(КР 2017-жылдын 2-августундагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 августа 2017 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О залоге"Редакцияларды салыштыруу
02.08.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…канагаттандыруу жөнүндөгү шарттардын негизинде билдирме жиберилген алынып салынды: 15 кошулду: 30 күн өткөндөн кийин канагаттандырылат.
3. Күрөөгө коюлган мүлк күрөө … күрөө тууралу келишим боюнча милдеттерди аткаруудан бошотпойт.
кошулду: (КР 2017-жылдын 2-августундагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1644/st-16" title="16-статья - Күрөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>