Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
15-статья. Күрөөнүн жүйөсүнө карата үчүнчү бир жактардын укуктары
Күчүндө · 24.04.2025 редакциясы · 1-глава
1. Эгерде бул укук күрөө жөнүндөгү келишимде же күрөө тууралу келишим менен бир учурда түзүлгөн күрөө кармоочунун талаптарын соттон тышкары тартипте канагаттандыруу жөнүндөгү макулдашууда түздөн-түз, болбосо күрөө берүүчү менен күрөө кармоочунун ортосунда түзүлгөн кийинки келишимдерде эскертилсе, күрөө берүүчү күрөөгө коюлган мүлккө күрөө кармоочунун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана сатуу, белекке берүү (айыл чарба багытындагы жер участкаларынан башкасын), алмаштыруу аны чарбалык шериктиктин же коомдун мүлкүнө салуу, болбосо кооперативдин мүлкүнө пайлык салым катары киргизүү же дагы башка жолдор менен тескей алат.
Күрөө берүүчү күрөөгө коюлган мүлктү керез кылууга укууктуу. Күрөө жөнүндөгү келишимдин же күрөө берүүчүнүн бул укугуна чектөө коюучу келишимде каралган дагы башка шарттар жараксыз болот. Күрөө берүүчүдөн күрөөгө коюлган мүлктү алгандын кимиси болсо да жана ушундай бүтүмдөн пайда алгандардын кайсынысы болсо да күрөөгө коюлган мүлк укугун, ушул статьянын 2-пунктунда каралгандан тышкары учурларда күрөөдөн эркин бөлүп кете албайт. Күрөө жөнүндөгү келишим боюнча күрөөгө коюлган мүлктү алган жак аны ажыратуунун натыйжасында же укук мураскору тартибинде, анын ичинде юридикалык жакты кайра уюштуруунун натыйжасында же мурастоо тартибинде күрөө берүүчүнүн ордун ээлейт да, ошол күрөө берүүчүнүн күрөө жөнүндөгү келишим боюнча бардык милдеттенмелерин, ошонун ичинде, эгерде келишимде башкасы каралбаса, алгачкы күрөө берүүчү тарабынан талаптагыдай аткарылбаган милдеттенмелерин да аткаруу милдетин өз мойнуна алат. Эгерде күрөө келишими боюнча күрөөгө коюлган мүлк бир нече адамга өтүп кетсе, адепки күрөө берүүчүнүн ар бир укук мураскору ошол күрөө мамилелеринен келип чыккан камсыз кылынган күрөөнүн аткарылбай калышы боюнча кесепеттерин өзүнө өткөн күрөөгө коюлган мүлккө өлчөмдөш көлөмдө ордун толтуруп берүү жоопкерчилигин мойнуна алат. Эгерде күрөөнүн жүйөсү бөлүнгүс болсо же башка негиздер боюнча күрөө берүүчүнүн укук мураскорлорунун жалпы менчигине келип түшсө, укук мураскорлору тең жоопкерчиликтүү карызкорлорго айланат. Мүлктүн күрөөсү бул мүлк башка адамдарга өткөндө ушундай өтүүгө ылайык белгиленген кайсы бир эрежелер бузулган-бузулбаганына карабастан күчүн сактап калат.
2. Жак (жактар) төмөндөгүдөй учурларда мүлктү күрөөдөн эркин ала алышат:
- эгерде күрөө жөнүндөгү келишимде же жазуу жүзүндө ага киргизилген толуктоодо мүлктү күрөөдөн эркин ээлик кылууга түздөн-түз уруксат берилсе, болбосо үчүнчү бир жактын пайдасына мүмкүнчүлүк ачылса;
- эгерде күрөөгө коюлган мүлк жүгүртүүдөгү товарлардан турса;
- эгерде күрөө берүүчүнүн иши чекене соода болуп саналса, мындай мүлктү демейки чекене бүтүмдүн натыйжасында сатып алып жаткан үчүнчү жак аны күрөөдөн тышкары сатып алат, мындай учурда күрөө кармоочу ошол товарга болгон күрөөлүк укуктарын жүзөгө ашырууга укуктуу экени жөнүндө торуктар жүргүзүлгөнгө чейин сатып алуучу жазуу жүзүндө билдирилген учурлар эске алынбаганда.
3. Күрөө жөнүндөгү келшим боюнча күрөөгө коюлган мүлктү ажыратууда, ушул статьянын 1-пунктунун жоболору бузулса, күрөө кармоочу өз ыктыяры боюнча төмөндөгүлөрдү талап кылууга укуктуу:
- күрөөгө коюлган мүлктү ажыратуу жөнүндөгү бүтүмдү жараксыз деп таап, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде каралган чараларды колдонууга;
- күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмени мөөнөтүнөн мурда аткарып, ал кимге таандык экендигине карабастан, өндүрүп алуу күрөөгө коюлган мүлккө айландырууга.
4. Эгерде күрөө жөнүндөгү келишим боюнча күрөөгө коюлган мүлктү алуучу, аны алуу учурунда ушул статьянын 1-пунктунун эрежелери бузулуу менен ажыратылып жаткандыгын билсе, же билүүгө тийиш болсо, мындай сатып алуучу күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмени аткарбагандыгы үчүн ошол милдеттенмеси боюнча аталган мүлктүн наркынын өлчөмүндө карызкор менен бирдей жоопкерчилик тартат.
Эгерде күрөөгө коюлган мүлк күрөө менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча карызкор болуп саналбаган күрөө берүүчү тарабынан ушул статьянын 1-пунктунун эрежелерин бузуу менен ажыратылса, мүлктү алуучу да, мурдагы күрөө берүүчү катары да карызкор менен кошо жоопкерчилик тартат.
Берененин тексти 24.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-октябрындагы № 604 ""Улутташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтомуПостановление · 20.10.2014 · № 604 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1644/st-15" title="15-статья - Күрөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>