Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
10-статья. Күрөө жөнүндөгү келишимдин формасы жана мазмуну
Күчүндө · 24.04.2025 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 30
1. Күрөө жөнүндөгү келишим тараптар кол койгон документти түзүү жолу менен жазуу жүзүндө түзүлүшү керек.
2. (Абзац КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 30 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Кыймылсыз мүлк укуктарынын күрөө жөнүндөгү келишими Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлк укуктарын мамлекеттик каттоо тууралу мыйзамдарында каралган тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып түзүлдү жана күчүнө кирди деп эсептелет.
3. Ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында белгиленген күрөө келишиминин формасы жөнүндө эрежелердин сакталбаганы күрөө жөнүндө келишим жараксыз деп табылышына алып келет. Мындай келишимдин бар-жогу эсепке алынбайт.
4. Күрөө жөнүндөгү келишимде төмөндөгүлөр камтылышы керек:
1) тараптардын аты-жөнү (фамилиясы, аты, атасынын аты) жана турган жери;
2) күрөө менен камсыздалган милдеттенменин баяндамасы, ал милдеттенменин максималдуу суммасы менен чагылдырылышы мүмкүн;
3) аны идентификациялоо үчүн күрөө предметинин жетиштүү жалпы баяндамасы;
31) келишимдин колдонулушунун мөөнөтү. Эгерде келишимде анын колдонулушунун мөөнөтү көрсөтүлбөсө, келишим анда аныкталган тараптардын милдеттенмелеринин аткарылышы аяктаган учурга чейин колдонууда болот деп таанылат;
4) күрөөнүн жүйөсү болуп саналган мүлк укугу күрөө кармоочуга таандык болуусу менен укук берүүчү реквизиттери, каттоодон өткөрүлүүгө тийиш кыймылсыз мүлктүн же мүлктүн документинин көрсөтүлүшү;
5) өндүрүп алуу учуруна карата күрөөгө коюлган мүлктүн баасы, ал күрөө кармоочу менен күрөө берүүчүнүн ортосундагы макулдашууда аныкталат, ал эми кыймылсыз мүлккө карата - мыйзамдардын талаптарына ылайык тиешелүү сертификаты бар көз карандысыз баалоочу адистерди тартуу менен күрөө кармоочунун жана күрөө берүүчүнүн ортосундагы кошумча макулдашууда аныкталат.
Тараптар күрөө жөнүндөгү келишимде бардык же кайсы бир талаш-тартышты бейтарап соттун кароосуна өткөрүп берүү тууралу "арбитраждык эскертмени" карай алышат жана мындай талаш-тартыш күрөөгө тиешелүү укук мамилелерине байланыштуу алардын ортосунда келип чыгышы мүмкүн. Бейтарап макулдашуу өзүнчө макулдашуу менен да жол-жоболоштурулушу мүмкүн. Бейтарап макулдашууну түзүүнүн шарттары жана тартиби тиешелүү мыйзамда каралат. Тараптар күрөө жөнүндөгү келишимде мыйзамдарга карама-каршы келбеген башка да шарттарды карай алышат.
5. Эгерде күрөө кармоочунун укугу күрөөлүк менен ырасталса, анда ал күрөө жөнүндөгү келишимде көрсөтүлүүгө тийиш.
6. (КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 97 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7. (КР 2022-жылдын 2-августундагы № 76 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8. Күрөө боюнча милдеттенме кайсы бир келишимге негизделген учурларда ошол келишимдин тараптары жана аны түзгөн дата көрсөтүлүүгө тийиш.
9. Эгерде күрөө менен камсыз кылынган милдеттенменин суммасы кийин аныкталууга тийиш болсо, күрөө жөнүндөгү келишимде аны аныктоонун тартиби жана башка зарыл шарттары көрсөтүлүшү керек.
10. Эгерде күрөөнүн жүйөсү күрөө берүүчүгө таандык ижара укугу болсо, күрөө жөнүндөгү келишимде ижарага алынган мүлк жана аны ижарага алуунун мөөнөтү көрсөтүлүшү керек.
(КР 2007-жылдын 6-августундагы № 133, 2009-жылдын 30-мартындагы № 97, 2016-жылдын 15-июлундагы № 117, 2017-жылдын 2-августундагы № 171, 2023-жылдын 16-февралындагы № 30 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 30 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 августа 2017 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О залоге"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 июля 2016 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О залоге", Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 марта 2009 года № 97 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О залоге"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 августа 2007 года № 133 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О залоге"Редакцияларды салыштыруу
16.02.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…койгон документти түзүү жолу менен жазуу жүзүндө түзүлүшү керек.
2. алынып салынды: Күрөө жөнүндөгү келишим нотариалдык жактан ырасталууга тийиш, эгерде күрөө келишим боюнча милдеттенмелерди, ошондой эле тараптардын макулдашуусунда каралган учурларда нотариалдык жактан ырасталышын камсыз кылса.
кошулду: (Абзац КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 30 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Кыймылсыз мүлк укуктарынын күрөө жөнүндөгү келишими Кыргыз … № 97, 2016-жылдын 15-июлундагы № 117, 2017-жылдын 2-августундагы № алынып салынды: 171 кошулду: 171, 2023-жылдын 16-февралындагы № 30 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (2)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 24 мая 2019 года № 10 О некоторых вопросах судебной практики по применению законодательства о залоге (В редакции…Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 24.05.2019 · № 10Пункттар: п. 22
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 24 мая 2019 года №10 «О некоторых вопросах судебной практики по применению законодательства о залоге»Пленум токтомуна өзгөртүү · Постановление Пленума Верховного суда · 25.12.2025 · № 50 · № 10 токтомго өзгөртүү киргизет
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 24 мая 2019 года № 10 О некоторых вопросах судебной практики по применению законодательства о залоге (В редакции…Постановление Пленума Верховного суда · 24.05.2019 · № 10
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 24 мая 2019 года №10 «О некоторых вопросах судебной практики по применению законодательства о залоге»Постановление Пленума Верховного суда · 25.12.2025 · № 50
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (3)
- Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 16.02.2023 · № 30
- Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралууЗакон · 30.03.2009 · № 97
- Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралууЗакон · 06.08.2007 · № 133 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1644/st-10" title="10-статья - Күрөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>