5-статья. Жамааттын укуктук статусу
Күчүндө · 07.02.2024 редакциясы · I бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 7 февраля 2024 года № 40
1. Жамааттын иштерин укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын , жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдын, ушул Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын, ошондой эле жамааттын уставынын негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Жамаат коммерциялык эмес уюм болуп саналат жана юридикалык жакты түзүү менен же түзбөстөн түзүлүшү мүмкүн.
Жамаат тиешелүү аймактын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын алмаштырууга укуксуз.
3. Жамаат Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган учурдан тартып юридикалык жак статусун алат.
Юридикалык жакты түзбөстөн түзүлгөн жамаат Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органында каттоодон өтөт.
4. Жамаат ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына карама-каршы келбеген, жамааттын уставына ылайык ага таандык болгон финансы каражаттарына, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүнө ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.
5. Жамаат мүлктү сатып алууга, жамааттын менчигинде болгон мүлктү ижарага берүүгө, пайдаланууга, кайра берүүгө, күрөөлүккө коюуга, сатып өткөрүүгө, консультациялык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүүгө, жамааттын иштери менен байланышкан окуу семинарларын жана практикалык сабактарды уюштурууга жана өткөрүүтө, ошондой эле өзүнүн максаттарын жана милдеттерин натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга укуктуу.
(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2024-жылдын 7-февралындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 07.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 7 февраля 2024 года № 40 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О жамаатах (общинах) и их объединениях"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 июля 2014 года № 144 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 15-августундагы №…Приказ · 15.08.2025 · № 01-25/297
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-ноябры № 672 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 12.11.2024 · № 672
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1632/st-5" title="5-статья - Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>