12-статья. Жамааттын укуктары жана жоопкерчилиги
Күчүндө · 07.02.2024 редакциясы · II бөлүм
1. Жамаат төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
- финансы-кредит мекемелеринде эсептерди ачууга;
- тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ошондой эле ишканалар, мекемелер, уюмдар, кооперативдер, жамааттар жана башка чарбакер субъекттер менен келишимдик негизде эриш-аркак аракеттенүүгө;
- өз аймактарын абат кылуу боюнча иштерди аткарууга, турак жай фондун жана социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык багыттагы объекттерди курууга жана ремонттоого каралган өздөрүнүн финансы ресурстарын жана башка булактарды пайдалануу менен курууга тапшырыкчы катары чыгууга;
- жамааттын менчигинде турган имараттарды, курулмаларды, турак жайлык эмес жайларды ижарага берүүгө;
- жамааттын максаттары менен милдеттерин ишке ашыруу үчүн эл аралык донордук уюмдардын каражаттарын жана инвестицияларды тартууга.
2. Жамаат өзү кабыл алган чечимдердин мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчилик тартат.
Финансы каражаттарын тартуу жана пайдалануу жөнүндө маалыматтарды кошпогондо, жамаат жыл сайын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз ишмердиги жөнүндө жазуу жүзүндө маалымат берет. (КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2024-жылдын 7-февралындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 07.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 7 февраля 2024 года № 40 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О жамаатах (общинах) и их объединениях"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 июля 2014 года № 144 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
07.02.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мекемелеринде эсептерди ачууга;
- тиешелүү жергиликтүү алынып салынды: кењештер, алардын аткаруучу орган-
дары, кошулду: өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ошондой эле ишканалар, мекемелер, уюмдар, кооперативдер, жамааттар жана башка чарбакер алынып салынды: субъек-
ттер кошулду: субъекттер менен келишимдик негизде эриш-аркак аракеттенүүгө;
- өз аймактарын … жай фондун жана социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык багыттагы алынып салынды: объек-
ттерди кошулду: объекттерди курууга жана ремонттоого каралган өздөрүнүн финансы ресурстарын жана башка булактарды пайдалануу менен курууга тапшырыкчы катары алынып салынды: чыгуу-
га;
кошулду: чыгууга;
- жамааттын менчигинде турган имараттарды, курулмаларды, турак жайлык … жамааттын максаттары менен милдеттерин ишке ашыруу үчүн эл алынып салынды: ара-
лык кошулду: аралык донордук уюмдардын каражаттарын жана инвестицияларды тартууга.
2. Жамаат өзү кабыл алган чечимдердин мыйзамдуулугу үчүн алынып салынды: жоопкер-
чилик кошулду: жоопкерчилик тартат.
кошулду: Финансы каражаттарын тартуу жана пайдалануу жөнүндө маалыматтарды кошпогондо, жамаат жыл сайын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз ишмердиги жөнүндө жазуу жүзүндө маалымат берет.
(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № алынып салынды: 144 мыйзамынын редакциясына кошулду: 144, 2024-жылдын 7-февралындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1632/st-12" title="12-статья - Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>