Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
6-статья. Камсыздандырылган адамдын жекече камсыздандыруу эсеби
Күчүндө · 08.04.2026 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93
Ар бир камсыздандырылган адамга Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылган идентификациялык жеке номери менен жекече камсыздандыруу эсебин ачат. Камсыздандырылган адамдын жекече камсыздандыруу эсеби төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш.
1) идентификациялык жеке номери;
2) паспорт боюнча аты-жөнү;
3) туулган күнү;
4) жынысы;
5) жарандыгы;
6) паспорттун маалыматтары: сериясы, номери берилген күнү;
7) туруктуу жашаган жери (дареги);
8) үйдөгү телефондун номери;
9) банкта жекече эсеби бар адамдар үчүн банктык реквизиттери;
10) иштеген жери: ишкананын аталышы жана ОКПО боюнча анын коду;
11) Ишинин түрү;
12) билими;
13) камсыздандыруунун түрү;
14) пенсияны дайындоо үчүн жалпы стажга кошулуучу эмгектик жана башка коомдук пайдалуу иш мезгилдери, ошондой эле эмгектин өзгөчө шарттары, Кыргыз Республикасынын алыскы жана бийик тоолуу райондорундагы иш, белгилүү мөөнөт эмгек кылгандыгы, радиоактивдүү булганууга дуушарланган аймактардагы иш менен байланышкан атайын стаж;
15) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу акылары чегерилген эмгек акынын же кирешенин суммасы;
16) эсептелген жана төлөнгөн камсыздандыруу акыларынын суммасы, анын ичинде жалдоочунун эсебинен камсыздандыруу акылары жана камсыздандырылган адамдын өзүнүн камсыздандыруу акылары;
161) инвестициялык кирешенин суммасы;
17) жумушсуздук мезгили жана ушул мезгилдеги төлөмдөрдүн суммасы;
18) жалпы эмгек стажына кошулуучу башка иштебеген мезгилдер.
Камсыздандырылган адамдын жекече камсыздандыруу эсебинде камтылган, ушул статьянын экинчи бөлүгүндөгү 14-17-пункттарда аныкталган маалыматтар дайыма такталып жана камсыздандырылган адамдын эмгек ишинин процессинде толукталып турат. Камсыздандырылган адамдын жекече камсыздандыруу эсеби Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда камсыздандырылган адамдын өмүрү өткөнчө сакталат, ал эми анын көзү өткөндөн кийин пенсиялык иштерди сактоо тартибинде каралган мөөнөттүн ичинде сакталат. Камсыздандырылган адам кайтыш болгон учурда ушул статьянын экинчи бөлүгүндөгү 2-7-пункттарда камтылган маалыматтар тиешелүү жарандык абалдын актыларын жазууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы адамдын көзү өткөнүн каттаган күндөн тартып, бир айдын ичинде көрсөтүлгөн жарандык абалдын актыларын жазууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун камсыздандыруу акыларын төлөөчү катары катталган Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органына, ал эми камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтоолору жөнүндө маалыматтар пенсияларды дайындоо жана төлөө боюнча тиешелүү түзүмгө берилет. Эгерде камсыздандырылган адам каза болсо (же туруктуу жашоого башка өлкөгө кетсе) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органдары пенсиялык топтоолорду дайындоо жана төлөө боюнча кызматтарга камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүндө камтылган маалыматтарды берет. Камсыздандырылган адамдардын жекече камсыздандыруу эсептеринде камтылган маалыматтар купуя маалымат категориясына кирет. (Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 21-августундагы № 166, 2006-жылдын 24-февралындагы № 65, 2009-жылдын 15-июлундагы № 220, 2015-жылдын 3-августундагы № 212, 2015-жылдын 4-августундагы № 216, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178, 2020-жылдын 1-августундагы № 109, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 08.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 1 августа 2020 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регистрации актов гражданского состояния"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 ноября 2016 года № 178 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам государственного социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 августа 2015 года № 216 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О персонифицированном (индивидуальном) учете граждан Кыргызской Республики для целей обязательного государственного социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 августа 2015 года № 212 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 июля 2009 года № 220 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О персонифицированном (индивидуальном) учете граждан Кыргызской Республики для целей обязательного государственного социального страхования""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 августа 2004 года N 166 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О персонифицированном (индивидуальном) учете граждан Кыргызской Республики для целей обязательного государственного социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
26.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…адамга Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылган … иш менен байланышкан атайын стаж;
15) Кыргыз Республикасынын кошулду: мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу акылары чегерилген эмгек акынын же … жана камсыздандырылган адамдын өзүнүн камсыздандыруу акылары;
алынып салынды: 16-1) кошулду: 161) инвестициялык кирешенин суммасы;
17) жумушсуздук мезгили жана ушул … камтылган маалыматтар купуя маалымат категориясына кирет.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 21-августундагы № 166, 2006-жылдын 24-февралындагы № 65, … 216, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178, 2020-жылдын 1-августундагы № алынып салынды: 109 кошулду: 109, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 01.08.2020 · № 109
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/161/st-6" title="6-статья - Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>