Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
17-статья. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарынын жана кызмат адамдарынын, иш берүүчүлөрдүн жана камсыздандырылган адамдардын жоопкерчилиги
Күчүндө · 08.04.2026 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 17 ноября 2016 года № 178
Ушул Мыйзамга ылайык камсыздандырылган адамдардын жекече камсыздандыруу эсептеринде камтылган маалыматтарды чогултууга, сактоого, берүүгө жана пайдаланууга катышкан Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарынын жетекчилери, кызмат адамдары маалыматтарды (жекече маалыматтарды) уруксатсыз алуудан коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн маалыматтарга жеткиликтүүлүктү мыйзамсыз түрдө чектегендиги же маалыматты коргоонун эреже-тартибин бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык, жазыктык, жарандык-укуктук жоопкерчилик тартат. Ушул Мыйзамда каралган анык жана толук көлөмдөгү маалыматтарды берүүдөн качкан жалдоочулар жана камсыздандырылган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык, жазыктык, жарандык-укуктук жоопкерчилик тартат. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунда персондоштуруп (жеке) эсепке алууну жүзөгө ашыруу максатында зарыл болгон маалымдоолорду белгиленген мөөнөттөрдө бербегендиги, толук эмес жана (же) такталбаган маалыматтарды бергендиги үчүн жаза чарасы катары каржылык санкция колдонулат: жумуш берүүчүлөргө - отчеттук жылда чегерилген жалпы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн 5 пайызы өлчөмүндө; камсыздандыруу төлөмдөрүн өз алдынча төлөгөн жарандарга - отчеттук жылда чегерилген жалпы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн 25 пайызы өлчөмүндө. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунда персондоштуруп (жеке) эсепке алууну жүзөгө ашыруу максатында берилген маалымдоолордо тартип бузуулар аныкталганда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органдары төлөөчүлөргө аныкталган тартип бузууларды четтетүү жөнүндө билдирүү жиберет. Төгүм төлөөчүлөр билдирүүдө көрсөтүлгөн талаптарды билдирүү алынган учурдан тартып 15 жумушчу күндөн кеч эмес мөөнөттө четтетүүгө тийиш. Талаптар билдирүүдө белгиленген мөөнөттөрдө четтетилбеген учурда төлөөчүлөргө ушул статьяда каралган каржылык санкциялар колдонулат. Белгиленген сумманы өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдары тарабынан талашсыз тартипте жүргүзүлөт. (КР 2004-жылдын 21-августундагы № 166, 2007-жылдын 31-июлундагы № 124, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178 Мыйзамынын редакцияларына ылайык) IV глава Корутунду жоболор
Берененин тексти 08.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 17 ноября 2016 года № 178 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам государственного социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 июля 2007 года № 124 "О внесении изменения и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О персонифицированном (индивидуальном) учете граждан Кыргызской Республики для целей обязательного государственного социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 августа 2004 года N 166 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О персонифицированном (индивидуальном) учете граждан Кыргызской Республики для целей обязательного государственного социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
17.11.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…бузуулар аныкталганда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алынып салынды: аймактык кошулду: региондук органдары төлөөчүлөргө аныкталган тартип бузууларды четтетүү жөнүндө … 2004-жылдын 21-августундагы № 166, 2007-жылдын 31-июлундагы № алынып салынды: 124 кошулду: 124, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
IV глава
Корутунду жоболор
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/161/st-17" title="17-статья - Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>