Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Милдеттүү түрдө мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын персондоштуруп (жеке) эсепке алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралу» Мыйзамы
Бишкек шаары
2007-жылдын 31-июлу № 124
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Милдеттүү түрдө мамлекеттик социалдык камсыздандыруу
максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын
персондоштуруп (жеке) эсепке алуу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү
жана толуктоолор киргизүү тууралу
2007-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Милдеттүү түрдө мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында
Кыргыз Республикасынын жарандарын персондоштуруп (жеке) эсепке алуу жө-
нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 4, 194-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана
толуктоолор киргизилсин:
17-статьяда:
3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунда персондоштуруп
(жеке) эсепке алууну жүзөгө ашыруу максатында зарыл болгон маалымдоо-
лорду белгиленген мөөнөттөрдө бербегендиги, толук эмес жана (же) так-
талбаган маалыматтарды бергендиги үчүн жаза чарасы катары каржылык сан-
кция колдонулат:
жумуш берүүчүлөргө - отчеттук жылда чегерилген жалпы камсызданды-
руу төлөмдөрүнүн 5 пайызы өлчөмүндө;
камсыздандыруу төлөмдөрүн өз алдынча төлөгөн жарандарга - отчеттук
жылда чегерилген жалпы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн 25 пайызы өлчөмүн-
дө.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-6-бөлүктөр менен толукталсын:
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунда персондоштуруп
(жеке) эсепке алууну жүзөгө ашыруу максатында берилген маалымдоолордо
тартип бузуулар аныкталганда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун
аймактык органдары төлөөчүлөргө аныкталган тартип бузууларды четтетүү
жөнүндө билдирүү жиберет.
Төгүм төлөөчүлөр билдирүүдө көрсөтүлгөн талаптарды билдирүү алын-
ган учурдан тартып 15 жумушчу күндөн кеч эмес мөөнөттө четтетүүгө тий-
иш. Талаптар билдирүүдө белгиленген мөөнөттөрдө четтетилбеген учурда
төлөөчүлөргө ушул статьяда каралган каржылык санкциялар колдонулат.
Белгиленген сумманы өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын Социалдык
фондунун органдары тарабынан талашсыз тартипте жүргүзүлөт.".
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндөЗакон · 22.12.1998 · № 154
- КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 26-июндагы № 1945-III "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын персонификацияланган…Постановление · 26.06.2007 · № 1945-III
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-апрелиндеги №116 «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын…Постановление · 12.04.2007 · № 116 · Күчүн жоготкон