Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы окуялардын кесепетинен жабыр тарткан жарандарды жана ишкердик субъекттерди мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө» Токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 29-майы № 277 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы окуялардын кесепетинен жабыр тарткан жарандарды жана ишкердик субъекттерди мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы окуялардын кесепетинен жабыр тарткан жарандарды жана ишкердик субъекттерди мамлекеттик колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 341-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаевдин 2022-жылдын 12-октябрындагы № 317-Б буйругуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Баткен облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан түзүлгөн жарандык коргонуу боюнча райондук комиссиялардын жана ведомстволор аралык жумушчу топтордун актылары менен аныкталган жана ырасталган, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялардын учурунда болгон өрттүн жана кыйроолордун кесепетинен турак жайынан айрылган Баткен облусунун жарандарынын тизмесине киргизилген, акысыз негизде турак үйлөрдү жана/же батирлерди алган жеке жактар үчүн киреше салыгынын ставкасы 0 пайыз өлчөмүндө;
2) Баткен облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан түзүлгөн жарандык коргонуу боюнча райондук комиссиялардын жана ведомстволор аралык жумушчу топтордун актылары менен аныкталган жана ырасталган, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялардын кесепетинен жабыр тарткандардын тизмесине киргизилген жарандар үчүн Баткен облусунда турак үйлөрдү жана/же батирлерди куруу менен алектенген чарбалык субъекттер үчүн сатуудан алынуучу салыктын ставкасы 0 пайыз өлчөмүндө.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Баткен облусунун мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул токтомду ишке ашырууга ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 17-сентябрындагы ПЖ № 313 "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи…Указ · 17.09.2022 · № 313