Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган дары каражаттарынын, медициналык буюмдардын, ошондой эле дары каражаттарын өндүрүүдө пайдаланылуучу баштапкы материалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 27 августа 2024 года № 528 "О признании утратившим силу постановления Кабинета Министров Кыргызской Республики "Об утверждении Перечня лекарственных средств, медицинских изделий, а также исходных материалов, используемых в производстве лекарственных средств, освобожденных от уплаты налога на добавленную стоимость при поставке и импорте на территорию Кыргызской Республики" от 18 апреля 2023 года № 210"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-08-27.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 528 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 18-апрели № 210 Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган дары каражаттарынын, медициналык буюмдардын, ошондой эле дары каражаттарын өндүрүүдө пайдаланылуучу баштапкы материалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 268-беренесинин 2-бөлүгүн, 297-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктун ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын аймагында дары каражаттарын өндүрүүгө дем берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо кошумча нарк салыгын (мындан ары - КНС) төлөөдөн бошотулган дары каражаттарынын, медициналык буюмдардын, ошондой эле дары каражаттарын өндүрүүдө пайдаланылуучу баштапкы материалдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) КНС төлөөдөн бошотулган, дары каражаттарын өндүрүүдө пайдаланылуучу баштапкы материалдарды жеткирүүнү жана импорттону жүзөгө ашырган дары каражаттарын өндүрүүчүлөр катталган жери боюнча салык органына КНС боюнча салык отчеттуулугун берүүдө саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган берген фармацевтикалык ишке (дары каражаттарын өндүрүүгө) лицензиясынын бар экендиги тууралуу маалымкатты көрсөтүүгө тийиш.
Фармацевтикалык ишке (дары каражаттарын өндүрүүгө) лицензиясынын бар экендиги жөнүндө маалымкат дары каражаттарын өндүрүүчүлөр саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга кайрылганда берилет жана маалымкат берилген датадан тартып бир айдын ичинде колдонулат. Фармацевтикалык ишке (дары каражаттарын өндүрүүгө) лицензиясынын бар экендиги жөнүндө маалымкаттын формасы жана берүү тартиби саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
2) КНС төлөөдөн бошотулган, дары каражаттарын өндүрүүдө пайдаланылуучу баштапкы материалдарды жеткирүүнү жана импорттоону жүзөгө ашырган дары каражаттарын дүң сатуучу уюмдар катталган жери боюнча салык органына КНС боюнча салык отчеттуулугун берүүдө баштапкы материалдарды дары каражаттарын өндүрүүчүлөргө же дары каражаттарын даярдоо укугуна ээ дарыкана мекемелерине гана жеткирүү жөнүндө кепилдик катты берүүгө тийиш.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-мартындагы № 101 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 154 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун тиркемесинин 7-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 563 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-апрелиндеги № 191 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары-дармек каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-мартындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары-дармек каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 29 "Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 10 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 528 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 210 "Кыргыз…Постановление · 27.08.2024 · № 528
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 29 "Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары…Постановление · 28.01.2022 · № 29 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган дары каражаттарынын, медициналык буюмдардын, ошондой эле дары каражаттарын…Перечень · 18.04.2023 · № 210 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (10)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 154 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.03.2017 · № 154
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 563 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.09.2017 · № 563
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-апрелиндеги № 191 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС…Постановление · 23.04.2019 · № 191
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-мартындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС…Постановление · 16.03.2020 · № 158
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 528 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 210 "Кыргыз…Постановление · 27.08.2024 · № 528
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары-дармек каражаттарынын жана медициналык…Постановление · 24.01.2013 · № 31 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 29 "Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары…Постановление · 28.01.2022 · № 29 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-мартындагы № 101 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 06.03.2015 · № 101 · Күчүн жоготкон