Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики «Об утверждении Положения о порядке подтверждения целевого назначения товаров, ввозимых на территорию Кыргызской Республики»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 15-ноябры № 605 Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү товарлардын максаттуу багытын ырастоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актылары менен товардын максаттуу багытын ырастоо жөнүндө талаптар белгиленген товарларды Кыргыз Республикасына ташып келүү тартибин регламенттөө максатында, "Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү товарлардын максаттуу багытын ырастоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Товарлардын максаттуу багытын ырастоону жүзөгө ашыруучу министрликтер жана ведомстволор ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-майындагы № 254 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларды башкаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү товарлардын максаттуу багытын ырастоо тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын…Положение · 15.11.2023 · № 605
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-майындагы № 254 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга…Постановление · 17.05.2022 · № 254 · Күчүн жоготкон
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып…Положение · 17.05.2022 · № 254 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 08.08.2023 · № 169
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-майындагы № 254 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга…Постановление · 17.05.2022 · № 254 · Күчүн жоготкон