Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларды башкаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 15 ноября 2023 года № 605 "Об утверждении Положения о порядке подтверждения целевого назначения товаров, ввозимых на территорию Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-11-15.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 605 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 17-майы № 254 Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларды башкаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2022-жылдын 17-мартындагы № 37 "Бажы бирлигинин Комиссиясынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында Евразия экономикалык бирлигинин аймагына ташылып келген товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө" чечимине жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларды башкаруу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2022-жылдын 17-мартындагы № 37 "Бажы бирлигинин Комиссиясынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында Евразия экономикалык бирлигинин аймагына ташылып келген товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө" чечими күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 15 ноября 2023 года № 605 "Об утверждении Положения о порядке подтверждения целевого назначения товаров, ввозимых на…Постановление · 15.11.2023 · № 605
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып…Положение · 17.05.2022 · № 254 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 15 ноября 2023 года № 605 "Об утверждении Положения о порядке подтверждения целевого назначения товаров, ввозимых на…Постановление · 15.11.2023 · № 605