28-статья. Сууну пайдаланууга уруксатты жокко чыгаруу же убактылуу өзгөртүү
Күчүн жоготкон · 27.06.2025 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 июня 2025 года № 129.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 апреля 2017 года № 54
1. Төмөнкүдөй учурларда суу пайдаланууга уруксат жокко чыгарылат же убактылуу токтотулат:
а) коомдук кызыкчылыктарга жана тийиштүү бассейндик планга ылайык сууну башка максаттар үчүн бөлүштүрүү зарыл болгон учурда;
б) уруксаттын ээси коюлган шарттарды сактабаса жана убактылуу токтотулуп коюлган же өзгөртүлгөн чечимдин колдонуу мөөнөтү бүтсө;
в) уруксат ушул Кодекстин 30-статьясын бузуу менен башкаларга өткөрүп берилсе;
г) уруксаттын ээсинин өтүнүчү боюнча;
д) уруксат берилген сууну үч жыл катары менен пайдаланбаса;
е) уруксаттын ээси каза болсо же ишин токтотсо;
ж) уруксаттын ээси ушул Кодексте аныкталган жоопкерчиликке тартылса.
2. Сууну пайдаланууга уруксатты Мамлекеттик суу администрациясы жокко чыгарышы же убактылуу өзгөртүшү мүмкүн. Сууну пайдаланууга атайын уруксатты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жокко чыгарышы же убактылуу өзгөртүшү мүмкүн. Сууну пайдаланууга уруксатты жокко чыгаруу же убактылуу өзгөртүү жөнүндө чечим административдик (сотко чейинки) тартипте же болбосо сот тартибинде даттанылышы мүмкүн. Сууну пайдаланууга атайын уруксатты жокко чыгаруу же убактылуу өзгөртүү жөнүндө чечим сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
3. Сууну пайдаланууга уруксатты өзгөртүү жөнүндө табыштамага табыштаманы кайра кароо боюнча чыгымдарды төлөгөндүк жөнүндө квитанция, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жободо аныкталган бардык керектүү маалыматтар тиркелет.
4. Эгерде уруксаттын ээси суу берүүчү болсо, андан Мамлекеттик суу администрациясы уруксатты жокко чыгаруудан же өзгөртүүдөн мурда суу пайдаланууга уруксатка тиешелүү бардык суу берүү жөнүндө контракттарды эске алууга тийиш. Ушул статьянын 1-пунктунун "б", "г", "д", "е", "ж" пунктчаларына ылайык уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда Мамлекеттик суу администрациясы же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул сууну алууга контракты бар бир же бир нече жакка же ага талапкерге уруксатты өткөрүп бере алат.
5. Уруксат ушул статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасына ылайык жокко чыгарылган же убактылуу өзгөртүлгөн учурда:
- уруксаттын ээсине суунун альтернативдүү суу булагынан тийиштүү көлөмдөгү сууга жаңы уруксат берилүүгө тийиш;
- же болбосо альтернативдүү суу булагы жок болсо компенсация төлөнүүгө тийиш.
Компенсация Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жобонун негизинде жүзөгө ашырылат.
6. Эгерде тараптар компенсациянын суммасына макул болбосо, иш сот тартибинде чечилет. Уруксаттын ээси суу берүүчү болгон учурда, уруксатка тиешелүү суу берүүгө контракттын ээлери башка булактан суу менен камсыз кылынбаса, компенсация алуу укугуна ээ.
(КР 2017-жылдын 6-апрелиндеги № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 27.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 апреля 2017 года № 54 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Водный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О воде")"Редакцияларды салыштыруу
06.04.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Республикасынын Өкмөтү жокко чыгарышы же убактылуу өзгөртүшү мүмкүн. алынып салынды: Суу кошулду: Сууну пайдаланууга алынып салынды: уруксатты, анын ичинде суу кошулду: уруксатты жокко чыгаруу же убактылуу өзгөртүү жөнүндө чечим административдик (сотко чейинки) тартипте же болбосо сот тартибинде даттанылышы мүмкүн. Сууну пайдаланууга атайын уруксатты жокко чыгаруу же убактылуу өзгөртүү жөнүндө алынып салынды: чечимге кошулду: чечим сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
3. Сууну пайдаланууга уруксатты … булактан суу менен камсыз кылынбаса, компенсация алуу укугуна ээ.
кошулду: (КР 2017-жылдын 6-апрелиндеги № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
- 26-статья. Сууну пайдаланууга уруксатты жокко чыгаруу же убактылуу өзгөртүү
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1605/st-28" title="28-статья - Суу Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>