Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, „Суу жөнүндөгү“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-06-27.
КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 6-апрели № 54 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Суу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 2-мартында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. Кыргыз Республикасынын Суу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 4, 241-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 28-статьянын 2-пунктунда:
а) үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Сууну пайдаланууга уруксатты жокко чыгаруу же убактылуу өзгөртүү жөнүндө чечим административдик (сотко чейинки) тартипте же болбосо сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.";
б) пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Сууну пайдаланууга атайын уруксатты жокко чыгаруу же убактылуу өзгөртүү жөнүндө чечим сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.";
2) 87-статьянын 4-пунктунда "сотко" деген сөз "административдик (сотко чейинки) тартипте же сот тартибинде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. "Суу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 2, 64-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 12-берененин 3-бөлүгү "соттук тартипте" деген сөздөрдөн мурда "административдик (сотко чейинки) тартипте же" деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 11-апрелинде № 44 (2769) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 27.06.2025 · № 129
- Суу КодексиКодекс · 12.01.2005 · № 8 · Күчүн жоготкон
- Суу жөнүндөгүЗакон · 14.01.1994 · № 1422-XII · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексиКодекс · 27.06.2025 · № 128
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 27.06.2025 · № 129
- Суу жөнүндөгүЗакон · 14.01.1994 · № 1422-XII · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.