Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 522 „Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону жүзөгө ашыруу жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 4 декабря 2024 года № 734 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики в сфере банковского сопровождения контракта по государственным закупкам"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-12-04.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-декабрындагы № 734 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 4-августу № 381
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 522 "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 522 "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону камсыз кылуу тартибинде:
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Контрактты банктык коштоо төмөнкүдөй түзүлгөн контракттарга карата колдонулбайт:
1) Мыйзамдын 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда, 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-14-пункттарында каралган сатып алуулардын алкагында;
2) электрондук каталог аркылуу;
3) мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, ошондой эле уставдык капиталында катышуу үлүшүнүн 50 жана андан көп пайызы мамлекетке таандык акционердик коомдор, анын ичинде берүүчү катары чыккан алардын туунду чарбалык коомдору менен.
Контрактты банктык коштоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча колдонулбашы мүмкүн.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 08-августундагы № 63 (3512)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-декабрындагы № 734 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик сатып алуулар боюнча контрактты банктык…Постановление · 04.12.2024 · № 734
- Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону камсыз кылуу тартиби (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 522 токтомуна)Порядок · 27.09.2022 · № 522 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-декабрындагы № 734 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик сатып алуулар боюнча контрактты банктык…Постановление · 04.12.2024 · № 734
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 522 "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 27.09.2022 · № 522 · Күчүн жоготкон