Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Минисртрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 „Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 2 июня 2025 года № 308 "О некоторых вопросах Министерства цифрового развития и инновационных технологий Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-06-02.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 31-июлу № 376
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын уставын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобого ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жөнүндө жободо:
- 16-пунктта:
7-пунктчада ", ишканаларынын" деген сөздөр алып салынсын; 17-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "17) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлердин ичинен Министрликтин ведомстволук ишканасынын жетекчиси кызмат ордуна дайындоо же Министрликтин ведомстволук ишканасынын жетекчиси кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуш киргизет;"; 25-пунктчада "бекитет" деген сөз "макулдашат" деген сөзгө алмаштырылсын; 27-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 19-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Ишкананын директору квалификациялык талаптарга ылайык келген, Министрлик сунуш кылган талапкерлердин ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат. Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотуу Министрлик менен макулдашуу аркылуу, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан жүзөгө ашырылат.";
- 20-пункттун 13-пунктчасында "бекитүүгө" деген сөз "макулдашууга" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 25, 26-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25. Ишкананын түзүмү жана штаттык ырааттамасы мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын директору тарабынан бекитилет.
26. Ишкананын кирешелеринин жана чыгашаларынын жылдык бюджети Министрлик менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.";
- 27-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27. Ишкананын штатында Ишкананын директорунун төрт орун басарынын кызмат орундары каралган, алар Ишкананын директорунун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.";
- 36, 36-1-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"36. Ишкана жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөрдү бекитүү үчүн киргизет:
- Министрлик менен макулдашылган келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун;
- финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө, анын ичинде Ишкананын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетту.
36-1. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган 20-мартка чейинки мөөнөттө төмөнкүлөрдү бекитет:
- келерки жылга Ишкананын бюджетин;
- финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө, анын ичинде Ишкананын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетту;
- Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгы боюнча ушул жылда республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн жана келерки жылга республикалык бюджетке чегериле турган таза пайданын бөлүгүнүн пландуу маанисин.";
- 41-1-пунктта:
биринчи абзацта "таза пайданы" деген сөздөр "таза пайданын бөлүгүн" деген сөздөргө алмаштырылсын; үчүнчү абзацта "чарбалык-материалдык инфратүзүмдү" деген сөздөр "Ишкананын чарбалык-материалдык инфратүзүмүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 08-августундагы № 63 (3512) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын уставы "КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 токтомуна"Устав · 15.11.2021 · № 257
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июну № 308 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин айрым…Постановление · 02.06.2025 · № 308
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 токтомуна ылайык)Положение · 15.11.2021 · № 257 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 02.06.2025 №308 токтомуПостановление · 02.06.2025 · № 308
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 257
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11- сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуПостановление · 11.09.2019 · № 468
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июну № 308 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин айрым…Постановление · 02.06.2025 · № 308
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.