91-статья
Күчүн жоготкон · 25.11.2011 редакциясы · 13-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 января 2008 года № 1
Эгерде депутаттык фракция же депутат жыйналышта чыгып сүйлөгөн адам же төрагалык кылуучу анын сөзүн, болбосо аракетин туура эмес тү- шүндүрүп жатат деп эсептесе, ал түшүндүрмө берүү же сын-пикирин айтуу үчүн жыйналышта төрагалык кылуучудан сөз сурап, оозеки же жазуу жүзүндө кайрыла алат. Мындай кайрылуу боюнча жыйналышта төрагалык кылуучу депу- татка сөздү дароо же талкуунун акырында, бирок добушка коюлганга чейин берет, сөз талкуунун акырында берилсе жыйналышта төрагалык кылуучу де- путаттан ушундай кайрылуу түшкөндүгүн жана ага сөз качан бериле турган- дыгы жөнүндө дароо депутаттарга билдирет. Эгерде мындай маалымат, депу- таттык фракциянын жана депутаттын пикири боюнча, Жогорку Кењештин Аппа- раты аркылуу таратылган маалымдама материалдарда бар деп эсептесе, анда жыйналышта төрагалык кылуучу депутаттын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу бо- юнча ага жыйналыштын башында же аягында сөз берет. Жогорку Кењештин жыйналышынын учурунда депутаттык фракция жана де- путаттар сүйлөп жаткан адамдын сөзүнө тоскоол болгон аракеттери менен (кыйкырып, кол чаап, ордунан туруп ж.д.у.с.) сүйлөп жаткандарга жана угуп жаткандарга жолтоо болбоого тийиш. Эгерде бул ораторго карата таасир көрсөтүү чараларын колдонуу ме- нен байланышпаса, жыйналышта төрагалык кылуучу ал чыгып сүйлөп жаткан учурда үзгүлтүккө учураган болсо ошончолук убакытка узартат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 25.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
91-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1603/st-91" title="91-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>