66-статья
Күчүн жоготкон · 25.11.2011 редакциясы · 9-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223.
Жогорку Кењештин ар бир депутатына бир бюллетень берилет. Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендер Жогорку Кењештин депутатта- рына Жогорку Кењештин депутатынын күбөлүгүн көрсөткөндөн кийин Жогорку Кењештин депутаттарынын тизмесине ылайык эсептөө комиссиясы тарабынан берилет. Бюллетень алгандан кийин Жогорку Кењештин депутаты көрсөтүлгөн тизмедеги өзүнүн аты-жөнүнүн тушуна колун коет. Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетень эсептөө комиссиясы тарабынан мөөр басылган атайын үкөккө ташталат. Эсептөө комиссиясы жашыруун добуш берүү үчүн депутаттарга шарт түзүп берүүгө милдеттүү. Атайын үкөктү ачуу жана жашыруун добуш берүү бюллетендерин эсептөө Жогорку Кењештин жыйналыш залында ачык жүргүзүлөт. Жашыруун добуш берүүнүн натыйжаларын эсептеген учурда Жогорку Кењештин депутаттары эсептөө комиссиясынын иштөөсүнө кийлигишпестен карап тура алышат. Формасы башка бюллетендер депутаттардын добуш берүүсүн эсептеген учурда, ошондой эле депутаттардын ой-мүдөөсүн аныктоого мүмкүн болбогон бюллетендер жараксыз деп эсептелинет. Бюллетенге киргизилген толуктоо- лор добуштарды эсептөөдө эске алынбайт. Бюллетенге кандай гана болбосун оњдоолорду киргизүүгө жана белгилерди коюуга тыюу салынат.
Берененин тексти 25.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
66-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1603/st-66" title="66-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>