61-статья
Күчүн жоготкон · 25.11.2011 редакциясы · 9-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223.
Ушул сунуштарга таандык сунуштар менен түзөтүүлөрдү кароонун жүрүшүндө анын айрым бөлүктөрүн алып салуу жөнүндө сунуш киргизилиши мүмкүн. Сунушту толугу менен (бирок ага түзөтүүнү эмес) алып салуу жөнүндө добуш берүү сунуш альтернативалуу болбогондо жана ага карата түзөтүүлөр болгон учурда жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Алып салуу жөнүндө чечим депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Жогорку Кењеш тарабынан текстти алып салуу жөнүндөгү кабыл алына элек сунуш четке кагылса, аны жактыруу тууралу чечим кабыл алууну бил- дирбейт жана жалпы башталышта анын маани-мазмуну боюнча талкууну жана добуш берүүнү өткөрүүнүн зарылдыгын алып салбайт. Сунуштан же түзөтүүдөн текстин бир бөлүгүн алып салуу жөнүндө су- нуш киргизилген учурда жыйналышта төрагалык кылуучу өз ыктыяры менен аны колдогон чечим кабыл алуу үчүн түзөтүүнүн текстинин бул бөлүгүн до- бушка коюунун санын азайтуу үчүн добушка коюшу мүмкүн. Сунуштун демил- гечиси тексттин бир бөлүгүн алып салуу жөнүндө өзүнүн сунушун ушундай эле жол менен киргизе алат. Жогорку Кењеш тарабынан мурда кабыл алынган текстти алып салуу жөнүндө чечим колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүнүн тартибине ылайык кабыл алынат.
Берененин тексти 25.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
61-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1603/st-61" title="61-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>