4-статья
Күчүн жоготкон · 25.11.2011 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 января 2008 года № 1
Жогорку Кењештин карамагына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген тартипте
Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү;
2) мыйзамдарды кабыл алуу;
3) өзү кабыл алган мыйзамдарды расмий чечмелөө;
4) Кыргыз Республикасынын чегараларын өзгөртүү;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү киргизген республикалык бюджетти
жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү;
6) Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн
маселелерин чечүү;
7) Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү киргизген социалдык-экономикалык
өнүгүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын бекитүү;
9) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунуштамасы боюнча
Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү;
10) Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган учурларда
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым мүчөсүнө ишеним көрсөтпөө;
11) Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы боюнча Кыргыз
Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларын шайлоо жана кызматы- нан бошотуу;
12) Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы боюнча Кыргыз
Республикасынын Жогорку Сотунун судьяларын шайлоо жана кызматынан бошо- туу;
13) Кыргыз Республикасынын Президентинин кайрылууларын жана бил-
дирүүлөрүн угуу;
14) Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорун дайындоого макулдук
берүү, аны сот тартибинде салынуучу жазык жана администрациялык жооп- керчиликке тартууга макулдук берүү;
15) Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы боюнча Кыргыз
Республикасынын Улуттук банкынын төрагасын шайлоо;
16) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиянын төрагасын дайындоого макулдук берүү;
17) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиянын курамынын жарымын шайлоо, мыйзамда каралган тар- типте жана учурларда аларды кызматынан бошотуу;
18) Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы боюнча Кыргыз
Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасын шайлоо жана кызматтан бо- шотуу;
19) Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы боюнча Кыргыз
Республикасынын Эсептөө палатасынын бардык аудиторлор курамын шайлоо жана кызматтан бошотуу;
20) Кыргыз Республикасынын Омбудсменин (Акыйкатчыны) шайлоо жана
кызматынан бошотуу, аны жазык жана сот тартибинде салынуучу администра- циялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү;
21) Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчынынын) сунушта-
масы боюнча Омбудсмендин орун басарларын шайлоо жана кызматынан бошо- туу, аларды жазык жана сот тартибинде салынуучу администрациялык жооп- керчиликке тартууга макулдук берүү;
22) мыйзамда белгиленген тартипте эларалык келишимдерди ратифика-
циялоо жана денонсациялоо:
23) өзгөчө абалды киргизүү бул маселе боюнча Кыргыз Республикасы-
нын Президентинин жарлыктарын бекитүү же жокко чыгаруу;
24) согуш жана тынчтык маселелерин чечүү, аскердик абалды кирги-
зүү, согуш абалын жарыялоо, бул маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын бекитүү же жокко чыгаруу;
25) тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча мамлекеттер аралык
келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарылчылыгы болгон учурда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чектеринен тышкары жерлерде пай- далануу мүмкүнчүлүгүнүн маселесин чечүү;
26) Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, дипломатиялык ранг-
дарын класстык чендерин жана башка атайын наамдарын белгилөө;
27) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардактуу
наамдарын уюштуруу;
28) мунапыс жөнүндө актыларды чыгаруу;
29) чет мамлекеттердин эларалык уюмдардын жетекчилеринин жана баш-
ка өкүлдөрүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүн угуу;
30) Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку сотунун төрагаларынын, Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ар жылдык баяндамаларын угуу;
31) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республи-
касынын Премьер министринин, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын, Кыргыз Республика- сынын Эсептөө палатасынын төрагасынын ар жылдык отчетторун угуу;
32) Кыргыз Республикасынын Президентине каршы айып коюу, Кыргыз
Республикасынын Президентин кызматынан четтетүү; Ушул статьяда көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун жана баяндамаларын угуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын тийиштүү мамлекеттик органдар менен алардын кызмат адам- дарынын өз алдынчалуулугу жана көзкаранды эместиги жөнүндөгү жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Жогорку Кењештин актылары мыйзам жана токтом түрүндө кабыл алынат Жогорку Кењеш ушул статьянын 1-пунктунун 1, 3-6, 9, 22, 28-пунктчала- рында каралган маселелер боюнча мыйзамдарды кабыл алат, калган маселе- лер боюнча, анын ичинде мыйзамдардын аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу боюнча токтом кабыл алат. Жогорку Кењеш токтом формасында кабыл алынуучу билдирүүлөрдү жана кайрылууларды жасоого акылуу. Жогорку Кењеш Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 25.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы №540 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам…Постановление · 27.08.2009 · № 540 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1603/st-4" title="4-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>