30-статья
Күчүн жоготкон · 25.11.2011 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 января 2008 года № 1
Жогорку Кењештин жыйналышында төрагалык кылуучу:
1) жыйналыштын жалпы жүрүшүнө жетекчилик кылып, ушул Мыйзамдын
сакталышын камсыз кылат;
2) жыйналыштын күн тартибине ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык,
болбосо Жогорку Кењештин чечими менен аныкталган дагы башка тартипке ылайык катталган табыштамалардын келип түшүшүнө жараша чыгып сүйлөө үчүн сөз берет;
3) Жогорку Кењештин уюштуруу жагындагы чечимдеринин аткарылышын
камсыз кылат;
4) Жогорку Кењештин депутаттык фракцияларынын ар бир сунушун келип
түшүшүнө жараша добушка коет;
5) добуш берүүнү өткөрөт жана анын натыйжаларын жарыялайт;
6) Жогорку Кењештин жыйналыштарынын протоколдорунун жана стеног-
раммаларынын жүргүзүлүшүн контролдойт, аларга кол коет;
7) протоколдук тапшырмаларга кол коет.
Төрагалык кылуучу:
1) ушул Регламенттин талаптары бузулганда депутатка эскертүү бе-
рүүгө, ал эми кайталанганда - аны сөз сүйлөөдөн ажыратууга;
2) төрагалык кылуучунун, башка депутаттардын же чакырылган жана
башка адамдардын дарегине одоно, мазактаган сөздөрдү айтууга жол берген Жогорку Кењештин депутатын сөз сүйлөөдөн эскертүүсүз ажыратууга;
3) жыйналыштын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын,
ушул Регламенттин ченемдерин бузуулар жөнүндө эскертүүгө;
4) Жогорку Кењештин жыйналышынын ишине тоскоолдук кылган чакырыл-
ган адамдарды жыйналыш залынан чыгарып салууга укуктуу. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 25.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1603/st-30" title="30-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>